Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек арадагы жабыр тарткан айылдардын жашоочулары санаторияларда эс алууда (фото)

16.07.2021 09:10
1537
Чек арадагы жабыр тарткан айылдардын жашоочулары санаторияларда эс алууда (фото)


Ыссык-көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Баткен облусунун чек арадагы жабыр тарткан шарты оор айыл аймактарынын 59 тургунун моралдык жана психологиялык жактан колдоо максатында Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Ак Тулпар” эс алуу пансионатында 10 күндүк эс алуусун уюштуруп, каржылады.Учурда жабыр тарткан чек арадагы айылдардын 59 тургуну пансионатта ден соолугун чыңдап, көл жээгинде эс алууда. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


      Мындан сырткары КР Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткендеги шарты оор,чек арадагы айылдарынан 19 жарандын Жалал-Абад облусундагы “Жалал-Абад санаториясында” эс алуусун каржылады.


    КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жеке демилгеси менен Ош шаарындагы К.Мамакеев атындагы санаториясынын жетекчиси М.А.Туленова менен сүйлөшүү жүргүзүп,натыйжасында чек арадагы жабыр тарткан айылдардан 20 адам бүгүнкү күндө эс алуу менен бирге ден соолугун чыңдоодо.


     Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жеке өзүнүн атынан жана жалпы Баткен облусунун элинин атынан, эс алууну уюштуруп,Баткен облусунун чек арадагы жабыр тарткан айылдардын жашоочуларын моралдык жана психологиялык жактан колдоого алып, каржылаган Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Р.М.Мейманкуловго,активдүү жаштарына жана КР Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү А.Т.Сыргабаевге жана Ош шаарындагы К.Мамакеев атындагы санаториясынын жетекчиси М.А.Туленовага терээң ыраазычылык билдирет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн