Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чек арадагы жаңжалга байланыштуу Лейлек районунун 3 тургуну соттолду

21.09.2021 18:11
937
Чек арадагы жаңжалга байланыштуу Лейлек районунун 3 тургуну соттолду

Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлектин үч тургунуна сот өкүмү чыкты.


Акмалжон Исоев 15 жылга, Аюбжон жана Амонжон (фамилиялары азырынча "Азаттыкка" маалым эмес) аттуу айыпталуучулар сегиз жарым жылга кесилишти. Алардын жакындары жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.


Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналгандардын иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда 21-сентябрда каралды.


15-сентябрдагы отурумда Тажикстандын эки жараны - Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов өмүрүнүн аягына чейин камалган. Аларды Кыргызстандын күч органдары быйыл майда кармашкан.


Быйыл апрелдин аягындагы жана майдын башында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан ондогон жарандар каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Эки өлкөнүн күч органдары кылмыш иштерин ачышкан.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн