Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Чектөөгө карабастан унду кымбаттаткан соодагер кармалды (видео)

17.03.2020 13:49
7246
Чектөөгө карабастан унду кымбаттаткан соодагер кармалды (видео)


Кыргыз өкмөтү азык-түлүктүн бааларына киргизген чектөөгө карабастан кымбат сатып жаткан соодагер колго түшүрүлдү. Окуя тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирет.  


Анда алгач Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына ундун баасын 300-400 сомго кымбат сатып жаткан соодагер боюнча билдирүү түшкөн. Бааларды көтөрүүгө каршы рейддин алкагында жүргөн топ, журналисттер менен кошо барып соодагерди колго түшүрүшкөн.  


"Биздин кызматка унду кымбат сатып жаткан соодагер тууралуу билдирүү келип түштү. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Кулатов көчөсүндөгү соода орундун ээси кармалды. Ал ундун баасын 300-400 сомго кымбаттатып. 110 миң сом алдын ала акча алган жеринен колго түшүрүлдү. айыпталуучуга тийиштүү документтер толтурулуп, тергөө иштери башталды" - дейт Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлү  Нурлан Казабеков .




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн