УЕФА Англиянын Манчестер Сити - Челси клубдарынын ортосунда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалын Стамбулдан Португа которгонун жарыялады.
Чемпиондор Лигасынын финалы алгач Стамбулдагы "Ататүрк Олимпиада" стадионунда өтөрү пландаштырылган.
Чечим Улуу Британиянын өкмөтү коронавирус пандемиясынын шартында киргизген чектөө чараларына байланыштуу кабыл алынды. Түркиядагы саякаттоо чектөөлөрүнөн улам, англис күйөрмандары Стамбулдагы беттешке бара алышпайт.
Оюн 29-майда Драгао стадионунда өтүп, оюнга 12 миң күйөрман киргизилет..
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн