3-май күнү түндө Европанын эң престиждүү турнири аталган Чемпиондор лигасынын жарым финалдык жооптук оюну өттү.
Англиялык "Ливерпуль" биринчи беттеште испандык "Вильярреал" клубун 2:0 эсебинде уткан.
Жооптук беттеште "Вильярреал" 2:0 менен алдыда бараткан менен оюн соңунда "Ливерпуль" эсепти 2:3кө айлантып, Чемпиондор лигасынын финалына чыкты.
Бүгүн кечинде жарым финалдын жооптук беттешинде "Реал Мадрид" жана "Манчестер Сити" ойнойт.
Биринчи беттеште "Манчестер Сити" 4:3 эсебинде жеңишке жетишкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн