Теке 27, 2024
Убакыт: 12:20
USD
EUR
RUB

Чет элдик аял үй-бүлөсү менен 9 миллионго эс алып, төлөбөй койгон

28.11.2023 14:07
321
Чет элдик аял үй-бүлөсү менен 9 миллионго эс алып, төлөбөй койгон


Аламүдүн районунда аял үй-бүлөсү менен 9 миллионго эс алып, төлөбөй койгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 3-октябрда эс алуу жайларынын биринин администратору милицияга кайрылган. В.Т. аттуу чет элдик жаранга карата чара көрүүнү суранган. Ал өзүн ири инвестор катары тааныштырып, 2021-жылдын июлунан 2023-жылдын январына чейин үй-бүлөсү менен VIP бөлмөлөрдө жашап, эс алуу борборунун кызматтарынан (конокторду тосуп алуу, банкеттер, иштиктүү жолугушууларды өткөрүү ж.б.) пайдаланган. Жалпы карыз 8 миллион 986 миң 457 сомду түзүп, аял дайынсыз жоголгон.


Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.


Кылмышка шектүү катары 38 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. В.Т. кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышына шылтап, алардын колдоосуна таянып, жогорку кызматтагы адамдардан акча талап кылгандыгы аныкталган.


Учурда тергөө иштери уланууда.


В.Т. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабырлануучулар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө же нөөмөт бөлүмүнө 0312363527, 0312363523 телефон номурларына кайрылыңыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн