Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чет элдик туристтердин коопсуздугун туристтик милиция көзөмөлдөйт (фото)

25.06.2021 11:51
931
Чет элдик туристтердин коопсуздугун туристтик милиция көзөмөлдөйт (фото)



Чет жерден келген туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөп, аларга укуктук жактан жардам көрсөтүү боюнча туристтик милициянын кызматы иш алып барат.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2018-жылы Бишкек ШИИББнин милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунда атайын туристтик 2 рота негизделген. 2020-жылы туристтик милициянын взводу ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгындагы милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын 5-ротасына кошулган. Ошол эле учурда туристтик ротанын штатынын саны менен милдети өзгөртүүсүз калган. 


Республикабызга келген ар бир мейман өз өмүрүнө жана коопсуздугуна, ошондой эле ден соолугуна туристтик милиция кам көрөт. Туристтик милиция базалык деңгээлде чет элдик тилдерди, негизги мыйзам ченемдери менен укуктарды билишет. 


 Кызматкерлер соода жана көңүл ачуучу жайларда, музейлерде, сейил бактарда, туристтер көп барган “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянтында, Өкмөт үйүндө, “Эркиндик” бульварында, филармонияда, “Хаят”, “Парк Отель” мейманканаларында, “Бета-Сторес-1”, “Бишкек Парк”, “Азия Молл” жана башка соода борборлорунда алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Жыл сайын чыгарган жыйнтыктын негизинде чет жерден келген меймандар маданий-көңүл ачуучу жайлардын, тарыхий эстеликтердин дарегин жана көрүнүктүү жерлер менен транспорттук каттамдар жөнүндө маалыматты тактоо суроолору боюнча көп кайрылышат. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мөөнөтүн жана каттоодон өтүүнүн жол жоболору жөнүндө суроолор менен кайрылаары да маалым. 


Жыл башынан бери туристтик взводдун кызматкерлери 506 чет элдик жарандарды ар кандай суроолорун жана өтүнүчтөрүн канааттандырып беришсе, “102” кызматына түшкөн 158 чалууларга жооп беришкен. 


Кызматкерлер Маданият министрлигинин туризим департаменти, ошондой эле аймактык бөлүмчөлөрү жана туристтик агенттиктер менен кызматташып, маалымат алып турат. Мындан тышкары, ушул жылдын январь айынан бери, негизги тапшырмалардан тышкары, митинг жана массалык көңүл ачуу иш-чаралары учурунда мамлекеттик объектилердин коопсуздугун жана тоскоолдуксуз өтүүсүн, укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн