Кулжа 26, 2024
Убакыт: 17:36
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы 5-октябрда жабылат

04.10.2020 16:12
978
Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы 5-октябрда жабылат

Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы 5-октябрда саат 06:00дө жабылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде жалпы 45 тилкеси даярдалган. Алардын алгачкысы Бишкек убактысы боюнча бүгүн 03:00дө ачылган.

"Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы Вашингтондо 5-октябрда саат 06:00дө жабылат. Ошондуктан чет жердеги жарандардын шайлоого катышуусу тууралуу маалыматты, маалыматтын келиши менен берилип турат", - деди ал.

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн