Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чет өлкөлүк жаран 500 миң долларлык баңгизат менен кармалды

Чет өлкөлүк жаран 500 миң долларлык баңгизат менен кармалды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан ирандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдө баңгизат каражаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операциясын ийгиликтүү өткөрүштү.


Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан Афганистанга, андан ары Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилип турган.


Ушул жылы 8-августта Бишкек шаарында сотко чейинки козголгон өндүрүштүн алкагында атайын-тергөө иш-чараларды өткөрүү учурунда БМЖККК кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө "метамфетамин" баңгизаты алынган, тактап айтканда кристалдашталган ак түстөгү 20 брикет:


- алынган "метамфетамин" баңгизатынын жалпы салмагы 10 кг түзгөн;


- алынган каражаттын “черный рыноктогу” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзөт;


- алынган жалпы баңгизат каражаттын суммасы 45 млн сомду, ал эми КР Улуттук банкынын курсу боюнча 500 миң доллардан ашуун;


Белгиленгендей, бул факт боюнча Ирандын Урмия шаарынын тургуну "F.K.D." кармалган.


Азыркы учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн