Актер Чыңгыз Мамаевге каршы козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай чечим "Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн" деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган.
Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жаткан.
Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен иш козголгон.
Булак: "Азаттык "
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн