Жалал-Абадда Чычкан суусуна 61 жаштагы аял агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында Мраморный тилкесинде болжол менен 1-август саат 18:00дөр чамасында (1960-ж.т. В.Д.) Чычкан суусуна агып кеткендиги туралуу маалымат түшкөн.
Жерине Токтогул райондук №97 ӨК-КБнөн 5 куткаруучу, жерине жетишип издөө иштери жүргүзгөн, саат 21:20да кеч болуп калгандыгына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн 2-август күнү саат 06:00дө издөө иштерине Токтогул райондук №97 ӨККБнөн 10 куткаруучу, Жаны-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 адам, жалпы 50 адам тартылды.
Кошумча маалымат берилет!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн