Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чынар Капарова: Рахмондун Путиндин алдында даттанганы анын лидерлик ресурстары түгөнгөнүн айгинелейт

15.10.2022 14:20
664
Чынар Капарова: Рахмондун Путиндин алдында даттанганы анын лидерлик ресурстары түгөнгөнүн айгинелейт

Рахмон Путиндин алдында мектепке окуу куралдары жетишпей жатканын даттанды, а бизде 4 айда 70 мектеп курулду. Мындай пикирин журналист Чынар Капарова билдирди.


Анын айтымында, Рахмон президенттердин алдында даттанганы анын мындан ары өлкөнү алдыга жылдыра албай турганынан кабар берет.


"Рахмон Путиндин алдында “мектепте окуу куралдарым жетишпейт”-деп ыйлактады. Кыргызстан 2 жылда кандай өзгөрдү? 


Тажик президенти Рахмондун Астанадагы сүйлөгөн сөзүн уктуңар да? Ал, орус президенти Путинге арыз-муңун, таарынычын айтты. Тажикстандын экономикасына жардам бербей жатканын, ал тургай орус тилдүү окуу китептери тартыш экенин дагы белгиледи. 

Тажикстан кен-байлыктар запасы көп экенин мактанганы менен, учурда өлкө кыйналып жатканы тууралуу дагы маалымат айтты.


Бул жолугушууда биздин президент Садыр Жапаров дагы болду. Чек ара маселесинде Кыргызстан өз принциптерин катуу кармай турганын, маселени дипломатия менен чечүү керектигин айтып, тажик агрессиясын дагы белгиледи.

Менин айтайын дегеним мындай. 30 жылдан бери отурган Рахмон, башка өлкөнүн башчысынын алдында шөмтүрөп, эрке баладай “бизге жардам бербей жатасың”-деп таарынганы, анын өз мамлекети үчүн эч нерсе кылбаганы, мындан ары дагы өнүктүрө ала турган жөндөмү жок, лидерлик ресурсу түгөнгөнүн айгинелейт",- деди Капарова.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн