Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чынара Мамажакыпова: “Өндүрүштү өнүктүрүп, жумушчу орундарды көбөйтөбүз”

20.05.2021 10:37
1827
Чынара Мамажакыпова: “Өндүрүштү өнүктүрүп, жумушчу орундарды көбөйтөбүз”


- Учурда өлкөбүздөгү өндүрүштүн абалы тууралуу оюң кандай? Өзбекстанга сапарга чыгып, өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жакшы сүйлөшүүлөр жүрүптүр...


- Учурда абал оор болуп турат. Чек аралар дагы бизге көйгөй жаратууда. Соода-сатык иштеринде Тажикстан менен да аласа-бересебиз бар болчу.  Ал тараптан да өндүрүшчүлөргө кыйын жагдай жаралды. Ошондуктан биз учурда Өзбекстан менен тыгыз иштешишибиз керек. Кошуна өлкө жеңил өнөр жай тармагы жагынан Кыргызстандын жетишкендигинен да ашып кетишти.


Көбүнчө бизге керектүү кездемелер ошол жактан чыгып, баасы да келишип тургандыктан, ошол жактагыдай завод-фабрикаларды бизге курсак, биргелешип иштесек деген ойлорубуз бар болчу. Ошол тууралуу азыр жакшы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


Биздин мыкты ишкерлерибиз, инвесторлорубуз өлкөдөгү туруксуздуктан улам башка мамлекеттерге кетип жатат. Өзбекстанда да өз ишкерликтерин жүргүзгөн мекендештерибизге күбө болуп келдим. 


- Кошуна өлкөдө ишкерлерге мамиле кандай экен?


- Өзбекстанда жеке ишкерлерге, инвестиция алып келгендерге жакшы колдоо көрсөтүшөт экен. Себеби, аларда салыктардан ж.б. чыгымдардан бир канча жылдарга   жеңилдиктер берилет. Ал жакта жумушчу тобу да көп болгондуктан арзан иштешерин байкадым. Эмгек акы Ташкент шаарында 150 долларга чейин болсо, айыл жерлеринде андан эки эсе аз экен. Ал жакта биздикине салыштырмалуу чыгымдар да азыраак кездешет. Автоунаалардын көпчүлүгү газ менен жүрүп, абанын таза болушуна да салымы чоң экенин байкадым.


Жеңил өнөр жай тармагы, жер иштеткен дыйкандар, фермерлер, мал баккандар иштерин өтө мыкты өздөштүрүшүптүр. Мал кымбат болгондуктан, этти башка жактардан импорт кылып алышат. Булардын экспорту болгон жеңил өнөр жай тармагы 100% болбосо да 90% жакшы иштеп жатат. Биз болсо учурда бул тармакта өтө төмөндөп кеттик. 30% эле иштегендей болуп жатабыз. Россия, Казакстан менен чек ара көйгөйлөрү жаралганына байланыштуу карым- катнашыбыз да, соодабыз да жакшы болбой жатат. Бирок өз мамлекетиңен башка өлкөгө инвестиция кылып кетип калсаң болбойт. Калк кайда көп болсо, ошол жакка завод-фабрикаларды курушубуз зарыл.


Учурда иш сапар менен Алматы шаарындабыз. Бул жакка да биздин чыгарган товарларды, өндүргөн продуктуларыбызды экспорттосок жакшы болот. Жакын арада Россияга да барабыз. Ал жакта да бизден кандай продукция жөнөтсө болорун, кандай товарларды алып келсек болору тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт.  


Башка жактан да ири инвестиция тартып келгенге аракет жасап жатабыз. Түркиядан келген инвесторлор да абал туруксуз болгондуктан, эки ача ойдо турушат. Алардын Кыргызстанга шаар куруп беребиз деген ойлору бар болчу. Мында биздин да, алардын да кызыкчылыгы болуш керек. Бир эле мамлекеттин кызыкчылыгы болгондо болбой калат. Абал турукташып калганда алар менен дагы сүйлөшүүлөр уланат. 


Азыр жер үйлөрдүн ар бир экинчиси эле тигүү цехи болуп жатат. 50-100 машинка коюлган. Бирок ошол цехтерде ондон-жыйырмадан эле жумушчу отурат. Толук иштеп жаткан цехтер аз. 


Калк жыш жайгашкан Жала-Абад, Кара-Суу райондоруна иш орундарын түзүп, кошуна Өзбександан да арзан жумушчу күчүн тартып, иш алып барсак деген пландар бар. 


Кудай буюрса, бизде кездеме чыгаруучу заводдор ачылып калышы мүмкүн. Өзүбүздүн фабрикаларды иштетип, жети облуска бөлгөнгө аракет кылып жатабыз.  Буга чейин беш-он жылдык келишимдер аркылуу Европа өлкөлөрү менен иштешип келгенбиз. Мындай келишимдерди дагы көбөйтүп, жумушсуздукту жоюп, жарандарыбызды ишке тартуу – негизги максатыбыз.


Жумушсуздуктун айынан гана жаман нерселер чыгат. Кандай болгон күндө да элди жумуш менен камсыздоого бел байлайбыз. Кыргызстан үчүн колубуздан келишинче жакшы иштерди кылабыз деген ойдомун. Өзүбүздүн кызыкчылыкты гана ойлосок, башка мамлекетке кетип, өзүбүздү өнүктүрүп жүрө бермекпиз. Ошондуктан  өз өлкөбүзгө пайдабызды тийгизип, колдон келген иштер менен жардам берели деген чоң максаттар бар. Мындан ары дагы коңшу өлкөлөр менен карым-катнаш, биргелешип иш алып баруу, тажрыйба алмашуу көп болуп, өндүрүшүбүз алга жылат деген үмүттөр чоң.


Булак: 

Aryba.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн