Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Чыңгыз Айтматов – ак калпак кыргыздын жана адамзаттын даанышманы

19.10.2023 09:18
2713
Чыңгыз Айтматов – ак калпак кыргыздын жана адамзаттын даанышманы


1. Гуманисттик идеяларды Чыгыш менен Батышка алып бара жаткан дүйнөлүк кербендин сабындагы кыргыз уулу


Чыңгыз Айтматов өзүнүн пикирлештери менен бирге “биз жаңы доордун жаңы идеяларын, жаңы гуманисттик аң-сезимин Батыш менен Чыгышка, дүйнөнүн бардык калайык-калктарына көтөрүп алып бараткан кербенбиз” деп жар салганы дүйнөлүк коомчулуктун акыл-эсинде. Айтматовдун жаңы идея дегени эски методдордун жана механизмдердин, көнүмүш догмалардын, саясый-аскердик жарышуунун, конфронтациялардын, майда кыжы-кужунун алкактарынан чыгып, дүйнөлүк жалпы коркунучтардын алдында биригүүнүн, өз ара кол кармашуунун, жаңы планетардык ойломдун негизинде кызматташуунун идеясы болчу, адамзаттын, жердин, космостун тутумдаштыгы жөнүндөгү аалам идеясы эле. Мына ушундай ишениминен улам Ч.Айтматов 1975-жылы “Союз”, “Аполлон” кораблдери космостон жалгашканда, бул окуяны “адамзат духунун кубаттуу күчү бири-бирине талкалоочу эмес, түзүүчү максатка багытталгандыгынын бир жарк эткен көрүнүшү” деп Нью-Йорк телевидениесинен сүйлөп, чын жүрөгүнөн кубанган. 


2. Бир кайыкта бара жаткан жалпы адамзат же Айтматовдун ааламдык масштабы


Ырасынды эле, дүйнөдөгү демографиялык “ташкын”, жер ресурстарынын азайып баратышы, экономикалык проблемалардын глобалдашуусу, ядролук согуштун коркунучу, экологиялык кыямат, эл аралык терроризм, экстремизм кесепеттери, климаттын өзгөрүшү калктардын, мамлекеттердин планетардык союзун талап кылып жаткандыгын жар салып, дүйнөнү бир бүтүн нерсе катары карай билүүнү, жер планетасынан башка жер жок экендигин, бүт адамзат бир кайыкта бараткандыгын, улуттук мүдөөлөрдү жалпы адамзаттын максат, кызыкчылыктары менен тогоштура билүүнү Борбор Азиядан биринчилерден болуп айтып, үгүттөп чыккан Айтматов болбоду беле. “Көкөтөйдүн ашына” төгөрөктүн төрт бурчунан эл келген сыяктуу, түркүн континенттердин интеллектуалдары жалпы адамзат проблемаларын талкуулоо үчүн Айтматовдун демилгеси менен “Ысык-Көл форумуна” чогулушу – кыргыз уулунун ырасында эле бүткүл жер жүзү үчүн чын жүрөгүнөн күйгөн планетардык адам экендигин айкындаган. Ошон үчүн чет өлкөлөрдүн интеллектуалдары “Адамзаттын Айтматову”, “Планетанын гражданини”, “Айтматовдун космоформуласы”, “Ааламдын адамы” деген аныктамаларды беришкен. Чыгармалары жер шарындагы бардык континенттердин негизги ондогон тилдерине которулган. Чыңгыз Айтматовдун планетардык кең кулачтуулугу жөнүндө көрүнүктүү Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиев мындай деп жазат: “Айтматов – аалам аралаган улуу инсан. Ал жазуучу гана эмес, чоң философ, чоң окумуштуу, чоң гуманист. Чыңгыз Айтматов нечен миң жылдык чексиздиктерге уланчу карт тарыхтын барагына өкүмү күчтүү мезгил атынан ХХ кылымдын көрүнүктүү зор инсаны катары жазылып калчу сыймыктуу ысымдардан. Бир эле 90 жылдык мааракесин эстесек, жыл бою Чыңгыз Айтматовдун аты төгөрөктүн төрт бурчунда жаңырып турду. Алсак, Япония менен Кытайда, Америка менен Россияда, Беларусь менен Украинада, Казакстан менен Өзбекстанда, Азербайжан менен Европа өлкөлөрүндө... Анан ушуларды угуп, көрүп кантип кубанбай, сүйүнбөй, таасирленбей коё аласың?! Анкарадагы Кечирөөн районунда эле маараке учурунда 250 000 студент Айтматовду окушуп, ар түрдүү конкурстарды өткөрүшүптүр”. (А.Акматалиев. Мезгил менен кадамдашып – Бишкек, 20, 71-бет). Абдылдажан Акматалиевдин бул сөздөрү Чыңгыз Айтматовдун ааламдык масштабын дагы да тастыктап турат.


3. Планетанын Асан кайгысы


Илгери орто кылымда, Борбор Азияда «куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же басарга буту жок жылан байкуш кантти экен?” деп жаныбарлар үчүн дайыма убайым жеп, санаа тарткан Асан Кайгы деген боорукер философ адам, «Манас» эпосунда болсо, түркүн калктын түйшүгүн ойлогон Бакай даанышман жашаган. Ч.Айтматов да жаратылышка, жан-жаныбарларга жан тартып, образдуу айтканда, “Гүлсары жорго не болду? Каранар байкуш кантти экен? Акбара аман бар бекен?” деп толгонот. Андан ары Ысык-Көлдүн куту жана куну жөнүндө ойлонот. Андан чыгып, Жер эненин – планетанын тагдыры, жалпы адамзаттын көйгөйлөрү тууралуу санааркап, акыл талытат. Чыңгыз Айтматов илгерки түрк чөлкөмүндөгү Асан Кайгы менен Бакайдын XX кылымдагы уландысы сыяктанат.


4. “Востокоцентризмден”, “Европоцентризмден” алыс Айтматов


Чыңгыз Айтматов дүйнөдө жашап келе жаткан маданияттарды, цивилизацияларды, континенттерди бири-бирине каршы койгон, бир жактуу кыймылы бар көчөгө окшогон ар кандай «фундаментализм», «Востокоцентризм», «Европоцентризм» деген сыяктуу түркүн «измдерден» оолак турган жазуучу. Анын жүрөгү дүйнөгө ачык. Ал ар кандай “измдерден” жогору көтөрүлүп чыккан. Дегеле, жакшылап үңүлүп көрсөк, түпкүлүгүндө бир калктын маданияты экинчи бир калктын маданиятына каршы келбейт. Адам кайсы гана жерде, континентте, аралда жашабасын, бардык жерде адам. “Тиричилик, адамдар, шарттар алмашат - дейт Ч.Айтматов, – а адам руху, өмүр-өлүм маселеси калат”. Жазуучунун ушул оюнун логикасын уласак, дегеле адамдын жаратылышы негизинен бир. Биз бардыгыбыз адам балдарыбыз. Адамзаттын маданий өнү­гүшү көп түрдүү болгону менен ал көп түрдүүлүктүн түпкү насили бир. Дүйнөнүн маданий полифониялуулугу бирдик­түү адам жаратылышынын ар түркүн кырларынын көрүнүшү. Чын-чынында, бири-бирине карама-каршы турган Батыш жана Чыгыш деген деле жок. Болгону, Адам ата тукумдарынын маданияты плюралистүү, дүйнөлүк бир түпкү өзөктөн чачырап чыккан түркүн бутактар бар. Демек, дүйнөдөгү маданияттардын кызматташтыгынын, алгалашууларынын жана өз ара баюуларынын жактоочусу болуу толук логикалуу. Чыңгыз абабыз өзүнүн маектеринде философ Шопенгаурдин “Бардык адамдар – мен, мен – бардык адамдар” деген сөзүн бекеринен кайталап айтчу эмес. Айтматовдун интернационалдык философиясы ушундай теорияга негизделген дегибиз келет.


Чыңгыз Айтматовдун ички рухий жаратылышынын интернационалдуулугун белгилеп, Расул Гамзатовдун “Чынгыз Айтматов – бул жарым-жартылай европалык, жарым жартылай азиат” деп айткан сөзү бар. Ч.Айтматов Р.Гамзатовдун сөзүнүн “тигиниси да, мунусу да мен үчүн туура келет” деп бир кезде сырын айткан эле. Чынында эле, Айтматов Европанын да, Азиянын да адамы, тагыраак айтканда, универсалдуу, глобалдуу инсан. Бирок тамыры Ала-Тоодо, Таласта, Шекерде.


Айтматов жер үстүндө жашаган ар бир инсандын “улуттук квартирадан” чыгып, планетардык аң-сезимге, планетардык ойломго ээ болушунун зарылдыгын насыяттап келген. Ч.Айтматов: “Космополитизмдин эч кимге зыяны жок. Тескерисинче, космополитизм – жалпы адам баласына бирдей көз караш, бирдей мамиле, тегиз кароо” дейт. Космополитизм деген термин бизде тескери мааниде кабыл алынып калгандыгы да чын. Албетте, Айтматовдун бул сөздөрүн планетардык аң-сезимге ээ болуу маанисинде түшүнүп коюшубуз керек.


5. Адамзаттын илимий-техникалык прогрессинин моралдык кризис менен коштолгонуна санааркаган Чыңгыз


Чыңгыз Айтматов адамзат цивилизациясынын алгалоосуна, илимий-техникалык прогрессине, материалдык жетишкендиктерине кубанган. Бирок ал ушул прогресстин жер жүзүндөгү моралдык кризис менен коштолгонуна, материалдык-техникалык, экономикалык өнүгүүдөн адамзаттын духовный өнүгүүсү артта калып жатканына тынчсызданган. Коом жетишкендиктердин, жеңиштердин эйфориясында турганда Айтматов акылмандарчасынан алды жакка кайгуул салып, мындай «салтанаттуу жүрүштүн» арты кандай болорлугун, кандай кооптуу натыйжаларга алып келерлигин сезип турган: «Биз азыр мурда болуп көрбөгөндөй социалдык, маданий жана техникалык революциялардын доорунда жашап жатабыз. Адам эч качан азыркыдай таңкаларлык өзгөрүүлөрдү башынана өткөргөн эмес, адамзаттын алдында эч качан өнүгүүнүн азыркыдай перспективасы, ошону менен эле бирге анын жашоосуна азыркыдай коркунуч туулган эмес». (Ч.Айтматов). Ойчул художник адамдын жашоосуна карата пайда болгон көп коркунучтарды көрө алган. Бирок жазуучу-гуманист катары биринчи иретте ал белгилеген коркунуч мына бул эле. Бул биздин рухий жашообузга туулган коркунуч:


- адамдын материалдык-экономикалык кызыкчылыктардын артынан кубалап, байлыктын, бийликтин, буюмдун кулуна айланып жатышы;


- нравалык чен-өлчөмдөрдүн мокошу;


- адам жамаатында эгоизмдин, жаланып-жуктанган прагматизмдин, турмушка, кишиге, табиятка технократиялык, коммерциялык-бухгалтериялык мамиленин күч алышы;


- адамдан адамдын жоголуп баратышы (дүйнөдөгү мындай тенденциянын шойкому атүгүл алыскы элеттеги Шекерди да чарпый кеткендигин жазуучу айылда «кайрымдуулук, бири-бири үчүн күйүмдүүлүк, тилектештик сыяктуу сапаттар азайды» деген сөздөрү менен туюндурган), ж.б.


6. Адамдын рухтан ажырап жашашынан ашкан жамандык жок


Чыңгыз Айтматов өзүнүн публицистикасы, чыгармаларынын образдары аркылуу, бийик трибуналардан сүйлөгөн сөздөрү аркылуу адамдын жандүйнөсүнүн жакырланышы, жеке кызыкчылыктардын, осол материализмдин, алкын ачкан нысапсыздыктын, ачкөздүктүн араандары, мен дүйнөнүн борборумун деген антропоцентристтик менменсинген амбициялар (“Кыямат” романындагы вертолет менен бөкөндөрдү кырып жаткан Обер Кандаловду эске түшүрөлү) – булар жер жүзүн каптаган орток коркунучтар экендигин, адамдын рухтан ажырап жашоосунан ашкан жамандык бу жарыкчылыкта жок экендигин түшүндүрүп, жалпы адамзатка коңгуроо кагып, мындай илдетке жалпы кол кармашып, каршы күрөшүүнү үнү кардыкканча кыйкырып жар салган.


Ал моралдык маданиятты, рухту, дилди сактап калууга, уят, ар-намыс, ыйман, жоопкерчилик категорияларын борборго койбогон коом адам коому катары санала албастыгын, «бүткүл маңыз, ишенич, үмүт адамдын акыл-эсинде, жандүйнөсүндө, гуманистчил насилинде» экендигин кайра-кайра айтып, XXI кылымда нравалык жаңы аң-сезимге ээ болуп, ыйманы таза, аруу адам болуп кайрадан жаралууга жалпы адамзатты чакырган. Ал эми адабияттын миссиясын ал адам рухунун бийиктиктерине канат сермеген, ички чыңалууга ширелген рухий изденүүдө турган, күн сайын адам болууга умтулган каармандарды көрсөтүүдөн көргөн. Ошондой миссияны художник катары өзү жогорку чеберчиликте аткарды. Ал  “бүгүнкү интеллектуалдын милдети – адам табиятындагы руханий башталышты сактап калууда турат” деген.


7. Көк деңизде “жарк” эткен рухтун жана акыл-эстин сулуулугу


Жазуучунун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестин эске түшүрөлү. Нивхи элин бага турган жаш Кирииск тирүү калып, жээкке, эл-жерге аман-эсен жетсин деп өзү иче турган акыркы тамчы сууну балага калтырып, өз эрки менен деңизге чөгүп кеткен Орган карыянын жосуну эмне деген адамдык улуулук! Башкалардын келечеги, тирүүлүгү, жакшылыгы үчүн өз жанын кыюуга баруу не деген ажайып көрүнүш, не деген жандүйнө эрдиги! Сынчы К.Асаналиев айткандай, “бул адамдын табият алдындагы улуулугу, жеңилбестиги, түбөлүктүүлүгү”. Ч.Айтматов адам баласындагы дал ушундай адамдык улуу касиеттерди, ички рухий жана акыл-эс сулуулугун, жандүйнө асылдыгын, инсанаттагы рух бийиктиктерин сактап калууну, өнүктүрүүнү мүдөө кылган жана муну адамзатка насыйкаттаган. “Манас” эпосунда айкөл Манас баатыр да “калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин” дейт эмеспи. А чынында эле, Манас ата кыргыз элинин эркиндиги үчүн кара башын курман чалбады беле. Чыңгыз Айтматовдун ишениминде, дагы айталы, рухий- ыймандык аруу асылдыктарга негизделген коом гана адам деген бийик атка жарашкан коом боло алат. “Кандай гана коом болбосун, эмне гана деп аталбасын, эгер ал рухтун чыныгы эркиндигине негиз түзүп бере албаса, демек, андан эч кандай майнап чыкпайт” (Ч.Айтматов). Бүгүнкү заманда моралдык кризис күчөп турганда Ч.Айтматовдун ушул нравалык философиясынын нугунда активдүү ойлонушубуз жана аракеттенишибиз зарыл.


8. Манас жана Айтматов 


Айтматовдун «ириде элиңди, өлкөңдү ойлойсуң, анан барып жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың» деген сөзү да эске түшөт. Ал өзүнүн күн-түн тынбаган интеллектуалдык күч-аракети менен космостук бийиктикке көтөрүлүп, жалпы дүйнө тууралуу тынымсыз акыл калчап турган. «Адам баласынын бирдиктүүлүгү баарынан өйдө. Мен ушул багытты көздөгөн кишимин» деп түшүндүргөн даанышман жазуучу. 

Ч.Айтматовдун жалпы адамзааданын бирдиктүүлүгү, анын жакшылыгы, тынчтыгы, көйгөйлөрү жөнүндө толгонгон жамаатчыл гуманизминин тамыры кайда жатат?

Улуу Манас атабыз тереңинде өзүн жалаң эле кыргыздын эмес, боордош түрк журттарынын уулумун деп да эсептейт. Казак менен кыпчактын намысы – кыргыздын да намысы деп ойлойт. Ошон үчүн алардын тагдыры жөнүндө дайым башын жерге салып, акыл тегеретип, ичинен убайым жеп:


Түтөгөн калмак кыргызды,

Түк койбой кырса нетебиз?

Казакка араан салбайбы,

Акыретте Манаска,

Кайгысы түшүп калбайбы! - деп баатыр тогуз толгонуп турат. Мына ушинтип, Манас тили, дили, дини эгиз бир тууган калктардын баш кошкондугуна дайыма умтулуп, алардын тагдыры үчүн да өзүн жоопкер сезет. Кыскасы, терең үңүлүп байкаса, Айтматовдун адамгерчилик, адамды сактоо деп күйүп-бышкан гуманизминин, жалпы адамзааданын кызыкчылыгын ойлогон айкөлдүгүнүн, планетачыл жамаатчылдыгынын тамыры түпкүлүгүндө “Манастан”, элдик руханияттын тереңинен чубалып чыгарын байкоо кыйын эмес. Ч.Айтматовдун адамзаттын ырын ырдап, камчысын чаап калгандыгы бекер жерден эмес экен. 


9. Борбор Азиянын орток адамы  


Ал Борбор Азиянын элдерине “биз түрк атанын балдарыбыз” деп дайыма кайрылып, аларды жалпы адамзаттын кол кармашкан биримдигинин тутумунда достук, ынтымакта жашоого үндөп, түрк калктары үчүн билингвизмдин зарылдыгын тастыктап, атүгүл орток түрк тилин түзүү идеясын да жактап чыккан. Кайран киши, табиятынан эл аралык мамилелердин чабарманы болуп жаралган эле. Ал өзүн “Орто Азия республикалары үчүн орток инсанмын” деп эсептеген. Казак, өзбек, түркмөндүн, каракалпактын көйгөйлөрүн өзүнүн көйгөйү катары санап, учуру келгенде өзүнүн айтар сөзүн айтып турган. А.Темиралиевдин “Чыңгыз Айтматов жана мугалимдер” деген китебинде мындай баяндалат: 


- “СССР Жогорку Советинде депутат элем, - дейт Чыңгыз Төрөкулович. -- Ошол мезгилде Иванов, Гдлян деген тергөөчүлөр “Узбекское дело” деп улам эле кайталап сүйлөп жатышты. Мен чыгып сүйлөйүн деп, анан кайра ойлонуп. “Правда” гезитине “это не “Узбекское дело” а “хлопковое уголовное дело” деп жаздым. “16 миллион өзбектердин баары кылмышкерби, күнөөлүүбү? Бул кылмыш ишине Москвадагы чиновниктер да күнөөлүү” деп макалам басылып чыкты” дейт.

 1993-жылы мен расмий делегат болуп Өзбекстандын Жизак облусуна барып калдым. Чыңгыз Төрөкуловичтин “Правда” гезитине басылып чыккан макаласы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун буйругу менен ошол облустун ар бир үйүндө илинип турат экен. Анткени ошол макаладан кийин канча деген өзбек интеллигенциясынын өкүлдөрү, жогорку кызматта иштегендер кылмыш иштери кыскартылып, сурактан бошотулган деп айтышты”. (А.Темиралиев. Чыңгыз Айтматов жана мугалимдер. Бишкек, 1919. 72-бет). Өзбектер Чыңгыз Айтматовду “биздин жаңы Алишер Навоибиз” дешип, чыгармаларын сүйүп окушат. Түрк биримдиги жөнүндө сөз болгондо Чыңгыз Айтматовдун ысымына удаа казак элинин чыгаан уулу Олжас Сулейменов да эске түшөт. Олжас Сулейменовдун түрк тилдеринин түпкү тек жайын изилдеген “Аз и Я” аттуу атактуу китеби дүйнөгө белгилүү. Ал түрк калктарынын биримдигинин идеологиясын жайылткандардын бири. Анын “бардык түрк тилдүү элдер улуу түрк этносунун, улуу түрк дүйнөсүнүн диаспоралары болуп саналат” деген патриоттук сөзү Чыңгыз Айтматовдун “биз түрк атанын балдарыбыз” деген сөзү менен үндөшүп турат.


Төгөрөктүн төрт бурчун Ала-Тоонун бүркүтүндөй айланып учуп, жалпы планетанын көйгөйлөрүн “шаңшып” жар салып, адамзаттын Асан Кайгысына айланган Ч.Айтматовдун феномени Борбор Азиянын мейкининен көрүнгөн уникалдуу кубулуш. Ч.Айтматовдун дүйнөдөн кетиши улуттук масштабдагы гана эмес, планетардык масштабдагы жоготуу болгондугун бүгүн түшүнүп отурабыз.


10. “Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай” же Айтматовдун улутмандыгы


Бирок Чыңгыз Айтматов космополитизмдин негативдүү түрү бар экендигин да жакшы билет. Бул “жалпы адамзат” деп ураан көтөргөн, бирок өзүнүн улуттук кыртышын, коломтосун, тарыхый тамырын тааныбаган, өз Атажуртунун тилине, баалуулуктарына нигилисттик кылган элбезердин кебетеси. Ч.Айтматов ушул өңдүү космополитизмге түп тамырынан каршы. 

Айтматов “Кылым карытар бир күн” романында жоо тарабынан маңкуртка айландырылган Жоломан аттуу туткун жигиттин өзүн алыстан издеп келген энесин тааныбай, апасын жаа менен атып өлтүргөн трагедияны көрсөткөн. Жүрөктү титиреткен Жоломандын образы аркылуу Ч.Айтматов тарыхый эстутумдан ажыраган маңкуртчулуктун коом үчүн, улут үчүн өтө коркунучтуу социалдык илдет экенин демонстрациялаган. Ошону менен бирге жазуучубуз өз уулунун колунан өлгөн Найман эненин ак жоолугу чымчыкка айланып “сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай!”деп сайрап калгандыгын көрсөтүп, мындай көркөм символика аркылуу тоталитаризм доорундагы биздин тарыхый акыл-эсибизди, ар-намысыбызды магдыроодон ойготууга аракет жасаган. Кеменгер Айтматов маңкуртчулук илдеттин улуттук алкактан чыгып, дүйнөнү кучагына ала баштаганын да көрүп түрган. Чынында эле жер үстүн ядролук бомбаларга толтурган, планетанын ресурстарын талап-тоноп, атмосфераны уулап, экологиялык каяматты жаратып, адамзат өзүнүн Жер-энесине ок аткан “Жоломанга” – маңкуртка окшошуп бараткандыгына жаны кейиген. Ч.Айтматов мындай тенденцияга каршы “Кыямат” романында айласы түгөнүп, көз жаш төгүп, айды карап улуп турган Акбаранын көз жашы аркылуу өзүнүн кескин протестин жарыялаган деп айтсак болот. Жазуучунун маңкуртчулукка каршы күрөш идеясы бүгүн да актуалдуу бойдон калууда. 


Туура, Ч.Айтматов жалпы адамзатчыл, планетачыл. Ошону менен бирге Айтматов өтө бир улутман жана мекенчил инсан. Буга анын бир эле “биз канткен күндө да өзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек. Тил жөнүндөгү сөз эң оболу улут жөнүндөгү сөз дегендик. Кайсы улут болбосун анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Чынымды айтайын, улуттук тилибиз үчүн башымды сайып коюуга деле кайыл элем” деген сөздөрү күбө өтүп турат. Жазуучунун мекенчилдиги сөзү менен гана эмес, улуттук тил, улуттук маданият үчүн жүргүзгөн реалдуу күрөшү менен да далилденген. “Коммунисттик системанын тушунда, авторитардык режим өкүм сүрүп турганда эне тилибиздин проблемасын алгачкылардан болуп көтөрүп чыккамын. Анда тил тууралуу сөз кылуу улутчулдук катары бааланган. Мага ал кезде айрым басылмалар “улутчул” деген жарлыкты илип, улуттук тилди сактап калуу тууралуу ойлорумду “штыкка” алышканын баары билет. Бирок улуттук тил маселесин мен жазуучу катары көтөрүп чыкпасам, анда ким көтөрүп чыкмак?!” деп жазган жазуучу, баштан өткөн тарыхка кайрылып. Ушул жерден баса айтып койчу нерсе, Ч.Айтматовдун терең түшүнүгүндө, адам баласынын бирдиктүүлүгү идеясы улуттук маданияттардын бир “көгөнгө” тизилген унификациясы дегенди билдирбейт. Жазуучунун тутунган көз карашы боюнча ар бир тил, ар бир улуттук маданият жалпы адамзат казынасынын уникалдуу табылгасы. Ал жоголсо экинчи кайталанбайт. Табиятта биоартүрдүүлүк деген бар го, ошол биоартүрдүүлүктү жаратылыштын мыйзамченеми деп кабыл алгандай эле, адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүктү да ошондой эле табигый нерсе катары кабылдашыбыз керек. «Адам дүйнөсүнүн кызыктыгы анын полифониясында, ар түрдүүлүгүндө, - деп жазат Ч.Айтматов. - Дүйнөнүн өзү көп кырдуулугу менен кызык. Бир маданияттын гегемониясы эч качан дүйнөлүк гармонияны сактап кала албайт. Качан гана дүйнө көп ырааттуу өнүксө ал өнүгөт» (Ч.Айтматов, Күн сайын адам болуу. Бишкек, 2018, 194-бет). Демек, адам баласынын бирдиктүүлүгү деген нерсе, жазуучунун ою боюнча, ошол социомаданий ар түрдүүлүктүн, полифониялуулуктун ортосундагы ынтымак-ызаатташуу, кызматташуу, өз ара шайкеш жашоо дегенди билдирет.


11. Чыңгыз Айтматовдун адамзаттын келечеги жөнүндөгү футурологиясы


Айтматовдун даанышмандыгы - жекелик менен жалпылыктын, бүтүндүк менен бөлүкчөнүн, улуттук менен жалпы адамзаттыктын, туулган жер менен планетанын биздин аң-сезимде өз ара ашташышы жана гармониясы жөнүндөгү концепциясында жатат. Суроо туулат: жер үстүндөгү өнүгүүнүн азыркы тарыхый деңгээлинде Ч.Айтматовдун мындай концепциясы ишке ашышы мүмкүнбү? Жалпы дүйнөлүк гармония мүмкүнбү? Албетте, бул узакка созулчу иш. Чыңгыз – диалектик бул үчүн кербен жолундай мезгилден мезгилге чубалган эволюциянын зарыл экенин туюп турат. Бирок ошол эволюциянын адамзат эңсеген, көздөгөн улуу биримдик стратегиясынын нугунда өнүгүшү үчүн дүйнөлүк алдыңкы акыл-эс тынымсыз иштеши керек. Гармония мүмкүн. Буга адамзаттын алдыңкы интеллектуалдык авангардынын “Ысык-Көл форумундагы” өз ара кол кармашкан тилектештиги күбө өтүп турат. Адамзаттын алдыңкы акыл-эсинин Ысык-Көлдө бириккен планетардык өрнөгү акырындап үгүттөлүп-жайылып отуруп, жер жүзүндөгү массалык аң-сезимди да кучагына алчу учур келээр. Келечекте ушундай доордун келерине Айтматов ичинен ишенген дегибиз келет. Жазуучунун «Кылым карытар бир күн» романындагы «Токой-Төш» планетасы жөнүндөгү кыялый сюжетти эске түшүрөлү. Согуш деген эмне экендигин, диндик, расалык ажырым дегенди билбеген, акыл-эси, илим-билими, маданияты жогорку даражада өнүккөн бөлөк планеталыктардын Токой-Төш жылдызындагы «кой үстүнө торгой жумурткалаган» турмушу – жер планетасында да адамзаттын болочок дүйнөлүк гармониясы мүмкүн экендиги жөнүндөгү Ч.Айтматовдун футурологиялык, образдык-символикалык ишендирүүсү сыяктуу. Дал ушундай алыскы болочокту сезип-туйган көрөгөч-көсөмдүгүнөн улам кыргыз уулу Чыңгыз планетаны бириктирүү үчүн азыртан иш жүргүзүүнүн зарыл экендигине ынанып, интернационалдык иш-аракетке өткөн дегибиз бар. Анын жогорудагы «адам баласынын бирдиктүүлүгү баарысынан өйдө. Мен ушул багытты көздөгөн кишимин» деп айтканы бекер жерден чыкпаптыр.


12. Дүйнөнү сүйүү сактап калат


“Жүрөгүндө сүйүү бар адам бардык нерсени түшүнөт. Ага бүткүл дүйнө, бүткүл аалам кымбат” деп ой жүгүртөт Ч.Айтматов. Чынында эле бир нерсени түшүнгүң келсе, ага сүйүү жардам берет. Сүймөйүнчө аны жакшы түшүнө албайсың. Сүйүү десе “жалгыз бирөөнө арналган сүйүү эмес, кандайдыр андан да зор, андан да алп турмуш жашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөмү жок чоң сүйүү” дейт Айтматов. Ал дүйнөнү, Атажуртту жана адамзатты бир бүтүн нерсе катары көрүп, чын пейилинен сүйгөн. Ошон үчүн ал планетанын көйгөйлөрүн ойлонгон Асан Кайгыга айланган. Атүгүл ал карышкырды да сүйгөн. Айды карап улуп, көз жашын төккөн Акбара менен кошо ыйлаган. Ал дүйнөнүн сүйүү аркылуу биригерине, дүйнөлүк гармониянын сүйүү аркылуу келерине ишенген. Адамзатты келечекте сүйүү, сулуулук, руханий аруулук сактап каларына ички ынанымы күч болгон. Ал чыгармалары менен жер жүзүндөгү бардык адамдарды сүйө билүүгө чакырат. 


Советбек Байгазиев, Кыргыз эл жазуучусу, кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн