Калык Ибраимов Чыңгыз Айтматовдун токсон жылдыгына арнап, “Чингиз Айтматов как мифотворец – мудрец века” (Б.: Турар, 2018) деген китебин орус тилинде жарыкка чыгарды. Чындыгында бул китеп Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, чыгармаларына үзбөй кайрылып, талыкпай изденип, чымыркана изилдеп, көгөрө максат коюп жүрүп, акыры көздөгөн нокотуна ойдогудай жеткен Калык Ибраимовдун көп жылдык түйшүктүү эмгегинин жемиштүү натыйжасы. Калык Ибраимов бул эмгегинде өзү айткандай, Чыңгыз Айтматовдун эпикалык чыгармаларынын дээрлик баарын жандүйнөсүнөн өткөргөнгө жетишкен, системалуу карап чыкканга үлгүргөн, башкача айтканда, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сюжеттик өзөгүнөн орун алган аңыз кептерди (легендаларды) жана мифтерди сыдыргыга салып анализге алган, көптөгөн илимдердин тогошуусунан (чек аралык абалда) турган культурологиялык мүнөздө жазылган өтө эле синтездүү эмгек. Аталган монографиянын структуралык модели кынтыксыз сонун курулган. Модель прологдон жана эпилогдон турат: алардын аталышы да жарашыктуу: “Чыңгыз Айтматовдун феномени” жана “Ой баккан скиф” деп аталат. Эмгектин өзөгү “Миф чыгармачылыктын контексттери жана концептери”, “Архетиптер жана мифтер Чыңгыз Айтматовдун көркөм чыгармачылыгында”, “Мифологиядан эсхатологияга” деген негизги үч бөлүктөн турат.
Бул жолу Калык Ибраимовдун “Чыңгыз Айтматов миф жаратуучу кылым даанышманы” китебине учкай эле токтолдук. Буюрса, китепке дагы кайрылабыз деген ниеттебиз. Биздин максатыбыз – китептеги бир учурга гана кыска токтолуу... Китептин өзөгүн уюштуруп турган үч бөлүктүн соңку “Мифологиядан эсхатологияга” деген бөлүгүндө жазуучунун романдары талдоого алынган. Жерден тартып ааламга чейин ой калчап, ой жүгүртүп турган эпикалык чыгармаларынан баштап, Чыңгыз Айтматовдун романдык ой жүгүртүүсүндө алар мифтик, апокалипсистик, эсхатологиялык аккорд – ритм-ыргактар чыгармаларынын сюжеттик агымын кызыл сызыктай аралап тепчип өтүп, улам күч алат. Окурмандын дүйнөсүнө бүлүк салар ушундай образ-идеяларын, образ-моделдерин, кыял-фантазияларын келечекке багыштап, проекциялоо жолу менен жазуучу ошол өзөк идеяларынын, адабий фантазияларынын, кыялдагы моделдеринин призмасы аркылуу келечек жашоонун образ-моделин жаратып, окурманга ошол келечек дүйнөнүн картинасын тартып берип, алдыдагы жашоону көзү ачыктык менен көрө билген пайгамбарлык деңгээлге көтөрүлөт. Башкача айтканда, Чыңгыз Айтматовдун романдарынын баарында антиутопиялык элементтер чөгөрүлгөн. Ошон үчүн Чыңгыз Айтматов жазуучу катары XIX кылым менен ХХ кылымдын чегинде антиутопиялык чыгармаларды жазышкан Ф.Достоевский, Е.Замятин, Г.Уэллс, О.Хаксли, Д.Оруэлл, К.Чапек, Р.Брэдбери сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучулар менен тең катар турат.
Кайрадан Калык Ибраимовдун китебине келели. Жазуучунун ошол романдары жөнүндө сөз болгон үчүнчү баптын “Этнос жана космос” (“Улут жана аалам”) деген биринчи бөлүгүндө жазуучунун айтылуу “Кылым карытаар бир күн” романынын терең катмары кеңири талдоого алынат. Башкача айтканда, романдагы көркөм чындыкка айланган этностун (казак улутунун) табияты (менталитети) жана жака-белин курчап, учу-кыйыры билинбей күнгө какталып, созулуп жаткан кумдуу чөл – Сары-Өзөк талаасы (космосу), ошол чөлдүү талааны тепчип өткөн темир жолдун боюна жайгашкан Бороондуу Бекетте өткөн бир күндүк окуя – романдын сюжеттик линиясын түзөт. Роман Сары-Өзөк метафораларына, өтө эле татаал поэтикалык ыкмаларга – мифтерге, легендаларга, каймана маанилерге, фантастикалык көрүнүшкө, символдук образдарга, улуттук коддорго негизделип жазылган көп үндөрдүн тогошуусунан бүткөн полифониялуу мүнөздөгү өтө эле синтездүү философиялык чыгарма. Чыгарманын уңгусун Калык Ибраимов жакшы белгилегендей, Эне-Бейит аңыз-мифинен агылып чыккан Найман Эне окуясы менен “атын да, атасын да унуткан..., бир кезде өз энесин да жаздым кылган” Маңкурт уламышы түзөт. Ошон үчүн окумуштуу монографиясында Эне-Бейит аңыз мифи “романдын концепциялык чордону” деп аныктап, “...чыгарманын философиялык концепциясы боюнча, тоталитардык-технократиялык күчтөрдүн өкүмзордугу менен өз ыйык кадыр-касиетинен караманча айрылып калган уңгулуу улуттук космос, анын азыркы учурдагы турмуштук абалын туюндурган символдук образ-модель” деп кашкайтып ачып жатат. “Маңкурт” модели – азыркы технологиялык доордун, келечектин проекциясы (Чыңгыз Айтматов ошону көркөм моделдеринде өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында эле көрө билген пайгамбар. Өз өмүр-тагдырында кассандра синдромун көтөрө жүргөн трагедиялуу ойчул). Азыркы технологиялык доордо дүйнө туташ санариптик көзөмөлгө (санариптик диктатурага) баратат – тоталитардуу дүйнөгө айланып жатат. Бул көрүнүштү ХХ кылымдын алтымышынчы жылдарында эле француз философу Мишель Фуко түрмөлөрдүн тарыхын, психиатриялык клиникаларды, аскердик казармаларды, окутуучу жайларды, мектептердеги көзөмөлдөрдү ичкериден системалуу окуп үйрөнүүнүн жыйынтыгында, келечекте дүйнөнү башкаруучу антиэлита массаны (караламан калкты) социалдык жагдайлары менен эмес, жандүйнөлөрүнө, рефлексияларына көзөмөл жүргүзүү жолу менен башкарарын өзөгүндө поноптикон идеясы жаткан өзүнүн “Надзирать и наказывать” деген эмгегинде Чыңгыз Айтматов менен тең катар айтып койгон. Технократтар адамдын биологиялык табиятына (мээсине) чип жайгаштырып, аны гаджеттерге (техникалык каражаттарга) туташтыруу жолу менен (трансгуманисттик идеялар менен практикалардын ликбез жолдоруна окутуу идеологиясы аркылуу) адамдын биологиялык табиятын биротоло өзгөртүп алып, адамзатын тоталдуу башкарабыз (!) деген шайтандуу жолго, кесепеткесири дүйнө элине тийер жоболоңдуу көрүнүшкө өтүп алды... (“Биологиялык табияттагы адамдардын акыркы мууну жашап жатат” деген коркунучтуу ой-жорум философтор чөйрөсүндө айтылууда). Бул – Жоломандын образы – эркиндик дегенди билбейт, ал үчүн бунт көтөрүп, козголоңчул абалга да келе албайт: ээсин гана тааныйт, ага гана баш ийет... Калык Ибраимов өзүнүн изилдөөсүндө ойчул окумуштуу катары ошон үчүн маңкурттун социалдык статусун аныктап, “маңкурт – кулбу же курмандыкпы?” деп собол узатып, кайра ага өзү “бир эле мезгилде кул дагы, курмандык дагы” деп жооп берип жатат.
Бул жолу биз окурман журтка Чыңгыз Айтматовдун көркөм моделдеринин синтездүү коддоруна – аңыз кеп-мифтерине ой терметкен окмуштуу Калык Ибраимовдун көп жылдык олуттуу изилдөөлөрүнүн тереңи жөнүндө жана адамдык мартабасынын бийиги туурасында билгенибизче айтып бергибиз келди...
Рысбек Эшматов, КРУИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн