Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев чек арадагы аймактарда окуган окуучуларга жогорку окуу жайларга тапшырууга жеңилдиктерди берүүнү сунуштады.
"Быйыл Лейлек районунда 1115 бала мектепти аяктаган. Анын 500дөн ашыгы жогорку окуу жайга тапшырган. Ал эми Сүлүктү шаарында 185 бала мектепти бүтүрсө, 70ке жетпегени ЖОЖго тапшырган. Калган балдар кайда, не кылат?
Мен буга чейин министрге да айткам чек арадагы окуучуларга жеңилдиктер берилсин",- деди депутат.
Чынгыз Ажибаев мындан сырткары Раззаков шаарына жумасына жок дегенде үч жолу авиакаттам ачууну сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн