Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Чыңгыз Ажыбаев, ЖК депутаты: “Сугат суу менен камсыз кылса эле, эл жашоо турмушун өзү тартып кетет”

11.10.2023 15:34
964
Чыңгыз Ажыбаев, ЖК депутаты: “Сугат суу менен камсыз кылса эле, эл жашоо турмушун өзү тартып кетет”


- Чыңгыз мырза, жакында эле округга барып келбедиңизби? Элде кандай көйгөйлөр бар экен?


- Лейлекте эң негизги көйгөй – бул сугат суу маселеси. Сугат суу менен камсыз кылса эле, эл жашоо турмушун өзү тартып кетет. Биздин эл дыйканчылыкка өтө жакын. Сугат суунун тартыштыгынан гана эгин кыла албайт, чөп жок болсо мал багыш да кыйын. Ал эми социалдык объектилер жагына келсек, бала бакчалар жетишпейт. Мектептер Кудайга шүгүр, жакшы эле салынып жатат. Сүлүктүдө көмүр кендери бар. Алар азыр айыл өкмөттөрү канча заявка берсе, келишим түзүп, элге арзан көмүр берүүдө. Бул жагынан да маселе жок. 


- Чек ара чыр-чатагында бир топ социалдык объектилер: мектептер, дүкөндөр, жеке турак үйлөр жараксыз болуп калды эле. Алар эмне болду, оңдолдубу?


- Мектептер, бала бакчалар калыбына келтирилген. Биринчи этабында турак үйлөр да салынды. Азыр эми таланып-тонолгон дүкөндөргө, үйлөргө компенсация төлөө жагы экинчи этап болуп турат. Ошону чечиш керек. Эң башкысы, чек арабызды чечип алсак. 


- Чек ара боюнча кечээ эле жагымдуу жаңылык айтылды. 


- Жакшы жаңылык! Биз да угуп сүйүндүк.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн