Жогорку Кеңештин
депутаты Чыныбай Турсунбековдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим
Нуракун уулу маалымат таратты.
“Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз элинин мыкты уулу Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөп, маркумдун жубайына, балдарына жана жакын туугандарына Президенттин, эл өкүлдөрүнүн жана өзүнүн атынан көңүл айтты. Кабыргабыз кайышып турат, кошуңуз Чыныбай ага. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун”, - деп билдирүү калтырган басма сөз катчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн