9-декабрда Чолпонбек Абыкеев Конституциялык кеңешменин курамынан чыгаарын айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
“Эмне болуп кеткенин өзүм түшүнбөй да калдым. Күтүлбөгөн жерден Конституциялык кеңешменин төрагасы Бөрүбашов көптөгөн адамдарды алып келип, Улуттук Курултайдын макамы жөнүндө маселени күн тартибине койду. Муну эртең карашыбыз керек болчу. Бирок курултайга тиешеси жок адамдардын көпчүлүк добушу менен Бөрүбашов мурунку позициясынан дагы төмөн статусту кабыл алып, кетип калды”, – деди Чолпонбек Абыкеев.
Анын пикиринде, элдик көзөмөл Баш мыйзамда көрсөтүлүшү керек болчу.
“Эл жылына бир жолу чогулуп, президенттин, парламенттин жана Жогорку соттун отчетун угуп, алардын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөшү керек”, – деп түшүндүрдү жазуучу.
Ал бул чечим сессиянын сунушу катары кабыл алынгандыгын жана пленардык жыйынга сунуш катары киргизерин кошумчалады.
“Мен курултайдын Негизги Мыйзамда болушу үчүн күрөшөм. Эгер андай болбой калса, мен курултай жөнүндөгү идея ишке ашпай калганын айтып, конституциялык кеңешменин мүчөлүгүнөн чыгам ”, – деп жыйынтыктады Чолпонбек Абыкеев.
Белгилей кетсек, “Конституциялык түзүлүштүн негиздери” секциясынын отурумунда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Элдик курултайдын статусун: Элдик курултай – коомдук кеңешчи, көзөмөлдөөчү жана жетектөөчү эл өкүлдөр жыйыны деп аныкташкан.
Буга Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн ичинен 18 адам “макул” деген добуш берди, алтоо каршы болду.
Пикирлер (1)