Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйыны өтүүдө.
Бажы кызматташтыгы жаатындагы маанилүү эл аралык иш-чарага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилери катышууда.
Тараптар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин, талкуулашып, аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, келечек кадамдарды аныкташмакчы.
Иш-чараны минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ачып, ЕАЭБдин алкагында бажы кызматынын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Эскерте кетсек, Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйынынан кийин Бажы кызматынын биргелешкен коллегиясынын 50-жыйыны өтмөкчү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн