Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинин алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу башталды. Маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эмнени талкуулоону пландап жатканы айтыла элек.
КР президентинин басма сөз катчысы билдиргендей, кенен маалымат жолугушуудан кийин берилет.
Бул аймактагы мамлекеттердин лидерлери менен Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишельдин экинчи жолугушуусу. Биринчиси 2022-жылдын 27-октябрында Астанада болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн