Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чолпон-Атада тааныштар карыздан улам мушташа кетишти (видео)

01.08.2022 12:03
1023
Чолпон-Атада тааныштар карыздан улам мушташа кетишти (видео)


Чолпон-Атада эки таксист акча карызынан улам мушташа кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалым болгондой, 28-июлда социалдык тармактарда Чолпон-Атада таксисттердин мушташы тартылган видео тараган. Буга чейин бул факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө эч ким арыз менен кайрылган эмес.


Белгиленгендей, күч органдары дагы эле текшерүү жүргүзүп, андан соң окуя 26-июлда саат 03:00дө ипподромдун жанында болгондугу белгилүү болду. А.У. аттуу 29 жаштагы жергиликтүү тургун Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган 21 жаштагы А.М.ны сабап салган.


«А.М. ошол күнү Бостери айылына эс алууга келип, кафеде болгон. Ал жерден чыгып, эс алуу жайына баруу үчүн таксисттерге барган. Таксисттердин арасынан ага таанышы А.У. жолугуп, 2 ай мурун карызга алган 12 миң сом акча карызын сураган.


А.М. каржылык кыйынчылыктан улам карызды төлөөгө азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. Анда А.У. ал каржылык абалы кымбат кафеде эс алууга мүмкүндүк берет, бирок карызды төлөөгө жол жок деп таанышын жемелеген. Таксист жемелөөсүнө А.М. уят сөз менен жооп кайтарган. Мындай жоопко ачууланган А.У. аны бир нече жолу уруп жиберген, ошол маалда жанында турган башка таксисттер аларды бөлүп алышкан», - деп билдиришти ШИИБден.


Андан ары суракта А.М. А.Уга карата жеке-коомдук айыптоодон баш тарткан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүшүүдө.


Учурда бул факты боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча текшерүү иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн