Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чолпон-Атада кыргыз-азербайжан бизнес форуму өтөт

05.07.2023 09:20
444
Чолпон-Атада кыргыз-азербайжан бизнес форуму өтөт


Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи жыйынынын алкагында бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.


Форум 26-июлда Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү. Форум кызматташтыктын туризм, өнөр жай, айыл чарба, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инженерия), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык транспорт, маркетинг жана консалтинг сыяктуу тармактары боюнча өтөт.


«Биз кызыккан ишкерлерди иш-чарага катышууга чакырабыз. Каттоону шилтеме аркылуу жүргүзсө болот», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн