Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чолпон-Атада милиция кызматкери өз жанын кыюуга аракет кылган

Чолпон-Атада милиция кызматкери өз жанын кыюуга аракет кылган


Айлана-чөйрөнү коргоо жана туристтик милициянын кызматкери, милициянын лейтенанты Эрлан Мусакожоев өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.


Милиция кызматкери өзүнүн командири Бакыт Абакировду өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган деп айыптап жатканы такталган. Аны командири эгер жумушка келбесең жумуштан бошотобуз деп коркутканын айткан.


Өз кезегинде Бакыт Абакиров кол алдындагы кызматкеринин сөзүн жокко чыгарууда. Анын айтымында, кызматкер ооруп жаткан, бирок аялы андай эмес экенин айткан.


«Мен аны медициналык бөлүмгө алып бардым. 11-августта ал өзү айыгып, жумушка кайтууга даяр экенин билдирген. Ал катардагы кесиптештеринин көзүнчө бычак менен өзүн сайып салган», — деди Бакыт Абакиров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн