Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:48
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чолпон-Атада "Ден соолук" Инновациялык кардиохирургия борбору ачылды

09.09.2021 12:51
2820
Чолпон-Атада "Ден соолук" Инновациялык кардиохирургия борбору ачылды


Чолпон-Ата шаарындагы "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплексинин базасында Инновациялык кардиохирургия борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Саламаттык Сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев катышты.


"Ден соолук" медициналык -реабилитациялык комплексинин поликлиникалык имаратынын базасында жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптарды дарылоо үчүн операциялык бөлүмү бар 20 орундуу кардиохирургия бөлүмү ишке кирди. Бул жерде 2 күн мурун Түп районунун Балбай айылынын 7жаштагы тургуну, Умар Асылбек уулунун жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасалган, ал тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн