Чолпон-Ата шаарында жорго, кунан салыш боюнча өткөн жарышта саясатчы, экс-чиновник Өмүрбек Бабановдун аттары биринчи жана экинчи орундарды жеңип чыкты. Бул тууралуу ал социалдк тармактагы баракчасына жазды.
“Эң сонун жаңылык. Менин жорголорум – Императрица менен Империя биринчи жана экинчи орундарды ээлешти. Мени өзгөчө шыктандырганы бул аттар менин атканамда туулуп-өскөн”, - деп билдирди Бабанов.
Белгилей кетсек, Чолпон-Атадагы ат майданында Нооруз майрамына карата ат чабыш, кунан салып, эр-эңиш жана башка улуттук ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Пикирлер (1)