Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чолпон-Атадагы оорукананы оңдоо иштери ​80 пайызга бүттү

20.08.2020 13:38
818
Чолпон-Атадагы оорукананы оңдоо иштери ​80 пайызга бүттү


Чолпон-Ата ​ шаарындагы 70 орундуу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлмөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери 80%га аткарылып жана толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, имараттын демонтаждоо иштери 100%га аткарылып, эски эшик-терезе, инженердик түтүктөрү ажыратылып жана дубалдардын шыбактары түшүрүлгөн.


"Бүкүнкү күнгө жасалгалоо жумуштары боюнча чатырдын кайрадан 80%га жабылып бүтүп жана ички жасалгалоо жумуштары 100%ды түздү. 


Ошондой эле ​ электромонтаж 85%, сантехникалык жумуштар 50% жаңы терезелер орнотулуп, сырткы шыбак жана имараттын маңдайын жасалгалоо жумуштары 95%га бүттү.


Учурда канализация жана суу түтүктөрүн орнотууга траншея казылып бүттү", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн