Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чолпон Султанбекова Баткендеги кыргыз телеканалдары тууралуу айткан көйгөйү бурмаланганын билдирди

20.01.2022 14:01
837
Чолпон Султанбекова Баткендеги кыргыз телеканалдары тууралуу айткан көйгөйү бурмаланганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова 19-январда Санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Имановго айткан маселе бурмаланып кеткенин билдирди. 


Анын айтымында, Баткен облусунда чынында эле телеканалдарды чагылдырууда көптөгөн көйгөйлөр бар.


"Урматтуу достор, кадырлуу мекендештер! 


    19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусундагы айрым айылдардагы кыргыз телеканалдары тартпай, жада калса Кыргызстандын уюлдук операторлорунун байланышы жок экенин билдирип, аны тишелүү министрликке аттанып жаткан талапкерге маалымдагам. Бул көрүнүштү Кадамжай районунда эл менен тыгыз иштешкен жетекчилер да жакшы билет. 


Тилекке каршы менин бул сөзүм бурмаланып кетти. Ал жерде эч бир президенттин ысымы аталган эмес. Чынында мындай маселе бар. Мен шайлоочуларым менен тыгыз иштешкен депутат катары аны эң жакшы билем. Буйруса аталган көйгөйдү чечүүнү тиешелүү органдардан талап кылып, көзөмөлгө алам",- деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн