1. Каныкейдин Чоң Казаттын алдындагы ыйы
Каныкей кыргызга күн көрсөтпөгөн жоого каршы аттанган Манастын ишинин түпкүлүгү ак экендигине көзү жетсе да («Калмактар айылым таласа, кандайча кайрат кылбаймын» - Манас.), баары бир жан тереңинде Чоң Казатты кабыл албайт. Бээжинге барып, «алакандай кайран эл, бекер кыргын болбосун» деп Чоң Казаттын барып-барып, акыры кыргызга алып келер кесепетин алдын ала сезип, ичинен катуу санааркап, Каныкей Алманбеттин алдында буркурап жашын төгөт. “Таянар жалгыз төрөмдү, жаман жолго жөнөлдү, жанын тирүү көрөмбү, айрылып алып арстандан, арманда бойдон өлөмбү ?” деп катуу толгонот.
2. Кыргыздын колунун дүңгүрөп Каңгай-Бээжинди карай аттанышы
Ошентип, зордукчу, баскынчы жоого каршы Манастын айтылуу Чоң Казаты башталат. Кыргыздын колу дүңгүрөп, Каңгай, Бээжинди карай аттанат. «Каңгайды билген өзүң бар, кабылан Алмам жолду чал» деп Манас өчөшкөн жоону жайлаган, өлүмдөн кайра тартпаган сырттан заада Сыргакты кошуп берип, Алмамбетти чалгынга жөнөтөт.
Жол чалып кайгуулда жүрүп, Алмамбет Сыргакка Манастын баштаган бул казаты оңой казат болбостугун айтат. Ошону менен бирге өз туулган жерин көргөндө, Алмамбеттин «көңүлү жаман бөлүнөт, көзүнөн жашы төгүлөт». Манастын бул чоң жортуулунда Алмамбет өз эл-жерине каршы барды деп түшүнүү жарабас эле. Ал Эсенкан, Коңурбай, Жолой, Нескара сыяктуу адилетсиз хандардын, төрөлөрдүн, башчылардын зордукчул бийлигине, алар орноткон акыйкатсыз тартиптерге, бийликтин «кол жоолугуна» айланган куралчан аскерлерге каршы баратат. (Алмамбеттин өз эл-жеринен эмне үчүн куулуп чыкканын эске түшүрөлү). Жакшылап кылдат байкоо салган адамга Алмамбеттин тереңинде Манас досунун жардамы менен өз тууган элин зордукчу бийликтен куткарсам деген да купуя мүдөө жок эмес. Эгерде жогорку өкүмдар Эсенкандын ордуна Алмамбет такка отурса, Ала-Тоону Манас сурап турса, калмак, манжуу-кытай менен кыргыздын ортосунда жоолашуу токтоп, бейпилчилик, ынтымак орнор беле...
3. Чоң Казаттын башталышы
Алмамбет менен Сыргак аярлык менен чалгын салып, жоонун сагызгандай сак кароолчуларынан кылдаттык менен билгизбей өтүп, акыры алиги Каркырадан олжолонуп келген кыргыздын калың жылкысын Кыр-Кайың деген жерден табышат да, сан түмөн жылкыны дүңгүрөтүп айдап, кайра артка жөнөшөт. Жылкычы Карагул «куугун бурут жетти деп, жылкысын айрып кетти деп» Конурбай баатырга чаап жетип, кабар салды. Коңурбай калмак, кытай, манжуунун бүткүл аскерин дүңгүрөтүп, Каңгайга чоң жортуулга келген Манаска каршы көтөрдү.
Жер майыштырган кыргыз-кытай аскерлери бет келип, салгылашардан мурда олжолонгон кыргыздардын жылкысын артка кайрып, кууп келаткан Алмамбет, Сыргак, аларды артынан издеп барган Чубак – ушул үч көкжал калмак-кытайдын аскери менен биринчи беттешип, душмандын чабуулуна биринчи болуп көкүрөктөрүн тосот. «Миңди көрсө шашпаган, миңди көрсө бир өзү, көп экен деп качпаган» эр Алмамбет жоонун алдын тосо чыгып, аскеринин алдында «кызыталак буруттун, сазайын колго берейин, талпагын ташка керейин» деп каарданып келаткан Коңурбай баатырды качырып барып кабыргага сайып жарадар кылат. Капталынан кан аккан Коңурбайды калкалап кабыланчасынан качырып келген Мурадыл баатырды Алмамбет андай-мындай дегиче, ачып көздү жумгуча аттан сайып түшүрдү. Бакырыгы баш жарып, айкырыгы таш жарып, Алмамбетке карай ат койгон Ушаң дөөнү аңдып турган Чубак капыстан качырып барып сайганда, Ушаң ээр үстүнөн камгактай учуп түштү. Ушаң дөөгө болушуп, Бороон дөө Чубакты сайып жыгарда Алмамбет таштай зыркырап учуп жетип, Бороон алпты найза менен коюп өттү. Бирок «кошууну кара таандай, атып жаткан октору, асмандан түшкөн жаандай» аскерге туруштук бере албай, Бороон дөөдөн найза жеп жараланган Чубак, Бозкертик калмактын найзасы сайылып, жонунан кан аккан Алмамбет артты карай чегинишет. Сан жылкыны үркүтүп айдап бараткан сырттан Сыргак Алмамбет менен Чубакты кууп келаткан Бозкертиктин астынан чыгып, сырбараң менен бир койгондо, Бозкертик баатыр шалак этип, атынан кулап түшөт.
Кыргыз менен калмак-кытайдын чоң согушу мына ушундайча башталат.
4. Шер Манастын согушка кириши
Манас учун ууга сугарган, бөрү тил мизин чыгарган, шамалга тийсе ырдаган, тийген жери ырбаган найзасын сундуруп, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен ач албарс кылычын кындан сууруп, касиеттүү Аккелтесин «күр-р» эткизип атып, ач айкырыкты салып, каптап келген каңгайдын колун качырып кирет.
Айкырып баатыр киргенде
Калмактын чети сөгүлүп,
Аккула менен чуратып,
Астына каршы келгенде
Ак найза менен сулатып,
Алыскысын найзалап,
Жакыныраак келгенин
Ач албарс менен кайсалап...
Манастын айкырып салган алааматына чыдабай жоонун колу кайра артына жапырылды. Манастын артынан «Манастап» ураан чакырып, жаачылары жаа чоюп, аламандап ат коюп, мылтыктын үнү тарсылдап, доолдун үнү карсылдап, саадактын огу шаркылдап, кылычтын баары жаркылдап, асаба желек жалтылдап, кыргыздын колу жер солкулдаткан чуу менен согушка кирди. Колду баштап алышса, адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн Чубак, Сыргак, Алмамбет, Бакай баатырлар, кызыл өрт болуп күйгөн кырк чоро чабуулга өттү.
5. Чоң Казаттын алааматы
Мына ушинтип Каңгайдын Ит-Кечпес деген жеринде кызыл-кыргын согуштун өртү алоолоп күйдү. Эки тараптан тең кан суудай акты. Чоң салгылаштын алааматын көрүп туруп жүрөгүң түшүп, денең калтырайт. Карачы: «Ушул согуш ичинде, арманы жок алышып, аянышпай салышып, ажалы жеткен өлүшүп, кызыл канды төгүшүп, нечен тулпар ат өлүп, азамат менен эр өлүп, кез болгондун баары өлүп, бириндешип салышып, бөлүнүшүп алышып, кызып калган эрендер, кайрадан-кайра алышып, ат үстүнөн жулушуп, ары-бери булкушуп, аты өлүп калганы жөө-жалаңдап күрөшүп, бирин-бири жыга албай, дал-дал болуп кийими, ары-бери сүрүшүп, башын кесип алышып, ичеги-кардын жарышып, бирин-бири аябай, аз-көбүнө карабай, канды суудай агызды, канга батып калышты. Каңгайлык менен кыргыздар, качпай туруп салышты, күндүз тынып калган жок, күн мезгилин алган жок, түндө тынып калган жок, түн мезгилин алган жок, башы челек кан болду, бүткөн бойдун баарысы кыймылдагыс дал болду, өлүк тоодой үйүлдү, дөбө болуп жыйылды, калмак менен кыргыздар кан жүргүзүп кырылды».
Ааламда жок алааматтуу согуштун биринчи чоң салгылашуусунда кыргыздын колу нечендеген жоготуулар менен ийгиликке жетишип, калмак, манжууларга кыргын салып, жоону артка сүрөт. Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргактар Жолой дөөнү баш кылып, душмандын далай атактуу алптары менен найзакер дөөлөрүнүн күлүн көккө сапырат.
6. Коңурбайдын Манасты алдап жарадар кылышы
Эки тарап экинчи чоң салгылашууга камынып, ортодо бир нече күн тыныгуу болот. Бир күнү кыргыздар үчүн күтпөгөн кызык жумуш болот. Каңгайдын ханы Коңурбай капыстан Манастын алдына өзү келип, эки колун бооруна алып, “жарашалы, эрегишпей туугандашалы” деп суранат. Асыл мүнөз айкөл Манас жарашууга макул болот. “Эмесе, ниетим сүттөн ак, сыйымды көрүңүз, эп болсо атка миниңиз, мени менен жүрүңүз” деп Коңтөрө колун куушуруп, өтүнүч кылат. Амалдуу кытайдын ичиндеги арам оюн байкабай Манас Аккуласын минип, Коңурбайды ээрчийт. Ордосуна келгенде алаксытып алдап туруп, Коңурбай айбалта менен Манасты башка шилтеп калат. Манас башын бура бергенде айбалта мойнуна тийип, бир шилисин таарып кетет. Айкөл шер ээрге өбөктөп жыгылып, Аккуланын жалына кызыл ала кан чачырайт. Канкор жоо бир балээ кылбасын деп Бакайдын кеңеши менен шектенип жетип барган Ажыбай баатыр убагында окуянын үстүнөн чыгып калып, Коңурбайды кылычтап жарадар кылып, оор жаракат алган айкөлдү душмандын куугунтугунан куткарып кетет.
7. Генералдык салгылашуунун өртүнүн кайрадан алоолонушу
Согуштун өртү кайрадан алоолонуп жанат. Калмак, манжуу кара курттай кыжылдап, кайрадан чабуулга өтөт. Кыргыздын колу кызыл өрт болуп, кайрадан жоону каптайт. Уруш шамал үйлөгөн оттой дуулдап күч алат. Бирде кыргыздар артка сүрүлсө, бирде жоо артына чегинет. Салгылашта артык туулган Алмамбет, арстан Чубак, сырттан Сыргак айрыкча эрдик көрсөтүшөт. Алар калмактарга ителги таанга тийгендей бүлүк салып, бет келгендин ташталканын чыгарып, жоонун чекесине чыккан чыйкан болушат. Ошону менен бирге үч баатыр тагдырды таразага койгон кысталыш учурларда бири-бирине чукулунан жардамга келип, бирин-бири өлүмдөн сактап, өз ара күйүмдүүлүктүн жана кыйышпастыктын жогорку өрнөгүн көрсөтүшөт.
Манас оор жараатына карабай Аккуланын үстүнөн түшпөй, каарданып бакырып: «тепсеп келген калмакка, тепселип кантип кетебиз, кара башты куткарып, не муратка жетебиз, ажал жетсе көрөлү, намыс үчүн өлөлү!» деп кошуунуна кайрат берип турат.
8. Манастын Чубактан, Алмамбеттен, Сыргактан айрылышы
Бирок кан майдандагы абал бара-бара татаалдана баштады. Канчалык кырылса да калмак, кытай, манжуулар кайрадан түбүнөн түрүлө кайнап чыгып, кайрадан толкун болуп, тоолуктарды каптай берди. Кыргыздын колунун катары барган сайын суюла берди. Талаанын баары чаң болду, түздүн баары кан болду. Түгөнбөй түтөгөн калмак-кытайдын көптүгүн, кайрадан жамгырлатып жаа тартып, мөндүрлөтүп ок атып каптап келгенин көрүп Алмамбет “Чубагым, Таласка эсен тартпайбыз, калмактан аман кайтпайбыз, белимден кармап бүктөп кет, Таласка сөөгүм жүктөп кет” деп жүрөгү бир жамандыкты сезип, Чубак досуна кайгылуу карап, ичинен түтөйт. Акыры калмактын Шыпшайдар аттуу көзгө атар мергенинин урушка кириши менен жагдай чукулунан өзгөрүп, жоонун күнү тууй баштады. Караса көзгө илинбеген, кайда экени билинбеген шум Шыпшайдар Суркелтеси менен как чекеге таамай атып, казактын эр Көкчөсүн, сырттан Сыргакты оңкосунан түшүргөнү. Сыргактын артынан Эр Чубак, кабылан Серек, эр Шууту, дагы-дагы далай кыргыздын шумкарлары, акырында арстан Алмамбеттин өзү Шыпшайдардын таамай огунан «жалп» этип тулпарларынан кулап түшүшөт. Жолборсторунан айрылып, канаттары кайрылган кыргыз кошуундары уруш талаасында чуркурап өкүрүшүп, кыраандарды жоктоп турушту ошондо.
9. Аккуланын окко учушу. Тулпарын, чоролорун жоктоп, боздогон Манас
Көкжалдарынын окко учканын уккан арттагы жарадар Манас көзүнөн жашын чубуртуп, «пейили жаман манжууну, жөн эле Бээжинге чейин сүрбөсөм, Манас болбой өлөйүн, кыраандардан айрылып, кыйналып карап тургуча, туулбай туна чөгөйүн!» деп каарданып ордунан турду. Манас калган аскерлерин жыйнап, “намыска туулган туйгундарым, кайдасыңар!” деп кыйкырып, кошуунуна кайрат берип, эми жарадар жанын аябай өзү баш болуп урушка кирүүгө беленденди. Ошондо акырын өңүп келип, ары жакта дагы аңдып турган оңбогон Шыпшайдар сырбараңы менен капыстан Манастын Аккуласын омурткага атып жиберет. Аккула окко учат. Манас көзүнүн жашын бурчактатып өлгөн Аккуланын мойнунан кучактап, көкүлүнөн жыттап, ичи өрттөнүп чок болуп, «Аккуладан айрылдым, Алмамбет, Чубак шерлер жок, эми кандай айла кыламын? Арбайтып жалгыз таштабай, Алмамбет, Чубак ала жат!» деп амалы түгөнүп, онтоп турду.
10. Манастын Шыпшайдарды атып өлтүрүшү
Акыры Манас Чыйырды энеси менен кайран катын Каныкей “алмадай башка күч келгенде аткын” деп Аколпоктун жакасына ырымдап тигип берген жалгыз окту алып, Аккелтеге салып, мылтыкты мелтирей мээлеп, Каражой уулу Шыпшайдарды тиктеп туруп, «дүңк» эткизе бир койгондо, калмактын караан калган мергенинин башы жулунуп, ыргып кетпеспи! Ошондо кыргыз кошуунуна кайрадан күч-кайрат кирип, ал эми шер Манастын каарданган караанын көргөн калмак, кытайдын колунда дүрбөлөң башталат.
11. Таластан Нарбуурулдун келиши
Касиеттүү Каныкей Таласта жатып түшүнөн чочуп ойгонуп, оң жагына толгонуп, Каңгайдагы казатта бир жамандык болгонун жүрөгү сезип, кабырга сөөгү сөгүлүп, көзүнүн жашы төгүлүп, “Семетей уулум чоңойсо минет” деп атайы арнап багып жүргөн, секиргени бүргөдөй, семиргени сүмбөдөй, бугудай мойнун бураган, бута бою аң келсе, буйдалбастан чураган Нарбуурулду шашылыш алыскы кан күйгөн майданга жөнөтөт.
12. Манастын жоону Бээжинге чейин сүрүп, калмак-кытайды уюгунда талкалап, жеңишке жетиши
Нарбуурулдун келиши Манастын өчкөн отун тамызат, өлгөн жанын тиргизет. Көкүлүнө тумар тагылган, ок өтпөс жабуу жабылган Буурулду булкунтуп минип, асты жагынан ач арстандай сүрдөнүп, арт жагынан ажыдаардай түрдөнүп, айкөл Манас айкырып чабуулга кирет. Артынан Бакай баштаган кол «Манастап» ураан чакырып, ат коюп жөнөйт.
Каңгай, кыргыз кошуундары кайрадан кагылышып, кызыл кыргын, кара сүргүн болот. Акыры кабылан Манастын каарданып салган калайманына, эр Бакайдын ээ бербей кайсаганына туруштук бере албай, калмак, кытай кара жандан түңүлүп, кайраты качып бүлүнүп, Каңгай, Бээжинди көздөй тополоң түшүп, качып берет. “Калмак, манжууну кайра каптап келгис кылам” деп Манас жоону кызыл көчүк кылып сайып, катуу кубалайт. Кыргыз кошуунуна, Бакай менен Манаска бет келгендин баары өлүп, душман эсеби жок кырылат. Акырында шер Манас калмак, кытайды Бээжинге чейин сүрүп, өчөгүшкөн жоону уюгунда дагы талкалап, Эсенкан менен Коңурбайдын аскерлеринин белин мертинтип, далайга чейин оңоло алгыс кылып жеңишке жетишет.
Чоң казат аяктап, өлгөндөн калган азганактай кыргыз Манастын туусунун түбүнө жыйылды. Кызыл кыргында сандаган колунан, чоролорунан, баатырларынан, шерлеринен ажыраган кайран Манас айбалтасын таянып, бүркүттөрүн жоктоп, өкүрүп-өксүп ыйлап турду ошондо. Бээжинге аттанардын алдындагы Каныкейдин санааркап ыйлаганы бекер эмес экен го, чиркин! Аскеринен ажырап, Манас оор абалда Таласка кайтып келет.
13. Алмамбет, Чубактын ордосуна келип тушүп, Манастын кан жутуп өксүп турганы
Таласка келип түшүп, Алмамбеттин жары Аруукенин алдында Манастын кан жутуп өксөп турган кырдаалы Чоң Казаттын трагизминин эң жогорку чекке чейин чыккан бийик чокуларынын бири:
Аккула окко учурдум, аяш!
Алтын айдар, чок белбоо
Алманбет шейит кетирдим, аяш!
Канатымдан кайрылдым, аяш!
Мен калмакты көздөй жол чалдым, аяш!
Бээлесе жанга табылбас,
Мен Сыргагымды жеп алдым, аяш!
Мен канатым окко жулдурдум, аяш!
Кабыландан айрылып,
Мен каран күн жанды тындырдым, аяш!
Тебелеп келген калмактан
Намысым кайрып мен алдым, аяш!
Эл намысы деп жүрүп, аяш!
Мен эгиздерди жеп алдым, аяш!
Мен канатым өрткө алдырдым, аяш!
Кабыландын баарысын
Мен Каканчыга алдырдым, аяш!
Эгиз козу түгөйүм,
Экөөнү катар жеп алып,
Мен өлбөй кантип жүрөмүн, аяш?!
Манас ушинтип өксүп турганда, анын Чоң Казаттан кантип кайтып келгенин көргөндө, калайык-калктын баары, жашынан карысына чейин чуркурап ыйлап, кайгыга малынып, кара кийип, аза күтөт.
14. «Манас» – бийик трагедия жанрындагы чыгарма, Манас – трагикалык каарман
Эпостогу «Чоң Казаттын» трагедиялуу финалы жана казатта алган жаракатынан улам болгон Манастын өлүмү өзүнүн тереңге катылган мааниси менен кээ бир философиялык жыйынтыктарды жасоого өзүнөн өзү чакырып турат. Ырас, Манас өзү айткандай, тебелеп келген калмактан, намысын кайрып алуу үчүн, эл намысы үчүн Бээжинге Чоң Казат, чоң жортуул баштаган. Бирок Чоң Казаттын түпкү мүдөөсү акыйкат болсо да, буга карабастан акыры бул жортуул кыргыздар үчүн да, кытай-калмактар үчүн да кыйроо менен аяктады. Кытай илимпозу Лаң Йиң «Манас» эпосун бийик трагедия, трагедиялык чыгарма деп аныктап, мындай терең мазмундагы трагедиялык бийиктик дүйнөдөгү башка эпостордо чанда кездешерин белгилеп, «Манастын» өлбөй-өчпөй эл жүрөгүн толкундатып келе жатышынын тамыры ошол улуу трагедиялык мазмунда жатат деген жыйынтыгын чыгарат. (Караңыз: Кыргыздар, IV том, 230-бет).
Манас – трагикалык каарман. Эл-жерди коргоонун, жеңишке жетишүүнүн, жоолашкан калктардын ортосунда тынчтыкты орнотуунун зарылдыгы жөнүндөгү эр Манастын патриоттук, гуманисттик идеалдары менен ал идеал-тилектерди тынымсыз согуштардын доору болуп эсептелген жоокерчилик заманда ишке ашыруунун кыйынчылыгынын ортосундагы карама-каршылык, акыры кайгылуу финалга – баатырдын өлүмүнө алып келди.
Трагедиянын күчү – өмүрдү өчүрүп өксүткөн кайгысында, жүрөктү мыкчыган муң-зарында гана эмес, трагедиянын күчү зилинде окурмандын жандүйнөсүнүн тереңине шоола чачкан оптимисттик духунда. Беттегенинен кайтпаган, жалтанбас, тайманбас бүркүт көктөн канатын куушуруп, октой учуп келип, жакшылыктын жолун тоскон асман тиреген гранит асканы «боорго» тебет. Асканын боору урап түшөт, бирок ал жыгылбайт, кулабайт. Мурдагы кебелбеген калыбында кала берет. Бүркүттүн өзү өлөт. Анткен менен бүркүттүн жамандык менен күрөшүүдөгү жалтанбас каармандыгы, адилетсиздикке каршы бунту, багынбас духу, майтарылбас эрки, максат кууган көктүгү, чындык деп чыркыраган таза жандүйнөсү, жалпынын бактысы үчүн жанын кыйган эрдиги тирүүлөрдүн алдында факел болуп жагылып, алар үчүн өлбөс-өчпөс өрнөк болуп кала берет. Трагедиялык чыгарманын гуманисттик маңызы дал ушунда. Трагедиянын көркөмдүк-эстетикалык кубаты – адамдын жеңилбес рухуна жана ал рухтун караңгыны көзөп өткөн ак шооласынын өлбөс күчүнө ишенимди жараткандыгында. «Манас» дал ушундай улуу классика. «Манас» Ушундай финалына, жыйынтыгына карабастан, бийик гуманизм идеясын бекемдеген дүйнөлүк гениалдуу эпостун катарына кирет» (Ч.Айтматов).
15. Улуу эпостун согушка каршы логикасы жана Манастын урпагы Нурмолдонун глобалдык тынчтык философиясы
«Манас» эпосунун түпкү тереңинде жаткан согуштун жамандыгына каршы концепция «Акылдын кенчи Манаста» деп ырдаган атактуу кыргыз акыны Нурмолдонун чыгармачылыгында улантылгандыгын көрөбүз. Бул тирүүлүктө мыйзам ушундай: «Таш аласың таш урсаң, жаш аласың жаш берсең, кыш берсең кыш аларсың, ыш берсең ышын аларсың» деп насыяттайт Нурмолдо. “Найза, кылыч керек эмес” дейт Нурмолдо. Эл арасындагы ак ниет мамилени бекемдей турган нерсе бул – тынччылык, бейпилчилик шарттагы соода. «Андан көрө соода кыл, товарга товар аласың» дейт философ акын. Нурмолдо мына ушундай товарга товар алган мамиле бөлөк дүйнө менен болгон алаканын мыйзамы болууга тийиш деген ишенимге бекиген. Ошондо зордук өзүнүн ордун жакшылыкка бошотуп берет. Манастын философиясын улаган Манастын урпагынын жалпы адамзаттык маанидеги үлкөн идеясы ушундай.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн