Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Чоң атаңардан калган мурас эмес. Шайлообек Атазов айрым министрлер менен облус башчыларынын отставкасын талап кылды

16.03.2023 10:30
290
Чоң атаңардан калган мурас эмес. Шайлообек Атазов айрым министрлер менен облус башчыларынын отставкасын талап кылды

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов айрым министрлер менен облус башчыларын кызматтан кетишин талап кылды.


Анын айтымында, учурда үч-төрт министр ишин алып бара албай, президентти да, элди да кыйнап бүттү.


"Президенттин азыркы кадр саясатын эл эки жыл мурда күткөн. Кечээ Экология министри кызматынан бошотулду. Буга чейин дагы бир облус башчысы кызматтан алынган.


Ишин алып бара албаган министрлер, облус башчылары, өзүңөр эле кетип калбайсыңарбы? Элди да, президентти да кыйнап бүттүңөр.


Анан бир-эки былыгыңарды айтса, социалдык тармакта айтышып жатып каласыңар.

Кызмат чоң атаңдан калган мурас эмес",- деди депутат Атазов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн