Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чоң кызматка баруу үчүн пара сунуштаган кызматкер кармалды

Чоң кызматка баруу үчүн пара сунуштаган кызматкер кармалды

Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 31-январда атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш- чараларынын негизинде 350 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.


Ал Аламүдүн РЭСинин начальниги кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.


Учурда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси ("Пара берүү") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн