Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Чуркап келип, секирип тепкен. Ресторанда иштеген кыз кардар тарабынан сабалды (видео)

11.11.2021 16:39
802
Чуркап келип, секирип тепкен. Ресторанда иштеген кыз кардар тарабынан сабалды (видео)

Бишкектеги "Роял" ресторанында сүрөтчү болуп иштеген кызды кардар чуркап келип тепкен видео тарады. Бул тууралуу Kaktus.media кабарлады.


Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрда болгон. Ресторанда сүрөтчү болуп иштеген кыздан кардар арзандатууну суранган. Бирок ал макул болгон эмес. Мындан улам, кардар кызга акаарат келтирген. Жанындагы адамдар аны тынчтандырганына карабастан, сүрөтчү кызды чуркап келип, секирип тепкен. Кыз кулап башынан жаракат алган.


Ишти Аламүдүн райондук милициясы карап, кардарга айып пул салган. Бирок жабырлануучу тарап ага нааразы.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн