Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чуулгандуу ЖЭБ иши боюнча шаардык сот өкүм чыгарды

Чуулгандуу ЖЭБ иши боюнча шаардык сот өкүм чыгарды


23-мартта Бишкек ЖЭБин модернизациялоо  боюнча Бишкек шаардык сотунда отурум болду. Анда айыпталуучу катары С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев ,А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкулов өтүп жатат.  


Отурумдун жыйынтыгында сот мурунку райондук соттун чечимин өзгөртүсүз калтырып болгону 15 жылга эркинен ажыратылган "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин мөөнөтүн бир жылга азайты. 


Ага ылайык, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев 14 жылга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилди. Андан башка төрт аткаминер ар кандай себептер менен абактан бошотулду.


Баарынан мамлекеттин эсебине 5 миллиард сомдон ашык чыгым төлөнөт.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Калыс
Төлөтүп туруп анан чыгарса экен.