Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүй ОИИБ тогуз айда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

22.10.2020 15:37
715
Чүй ОИИБ тогуз айда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды


Кечээ, 21-октябрда Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн, ошондой эле райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда онлайн кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, кеңешмеде Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан 2020-жылдын 9 айында аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча жыйынтык чыгарылып, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча талкуу болду. 


Кеңешмеде Чүй облусунун ИИББнын жетекчили тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин бети ачуу жана сотко чейинки өндүрүш иштерин алдыга жылдыруу боюнча тапшырмалар коюлду.


Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, зарыл болгон ыкчам издөө иш-чараларын жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине талаптар коюлду.


Ошондой эле кызматкерлердин ички тартиптерине көңүл буруу, коомдук жайларда алдын алуу жумуштарын жакшыруу маселелери каралды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн