Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чүй менен Ысык-Көлгө кошумча посттор коюлуп, ага журналисттер менен наркологдор тартылат

29.07.2021 09:05
579
Чүй менен Ысык-Көлгө кошумча посттор коюлуп, ага журналисттер менен наркологдор тартылат

Жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу туристтик мезгилде Чүй жана Ысык-Көл облустарынын Кемин шаарында, Балыкчы шаарында, Чок-Тал айылында жана Чолпон-Ата шаарына посттор коюлат. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.


Анда посттордо мас абалында транспорт каражаттарын башкаруу, тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаруу, терезелери караңгылатылган унааны башкаруу жана башка ушул сыяктуу жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган фактылар аныкталат. Жогоруда аталган посттордо жол кыймылынын кызматкерлери жана наркологдор жана журналисттер иштешмекчи.



Эгерде сиз жол кыймылынын эрежесин бузган фактыга күбө болсоңуз, анда дароо жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө кабарлаңыз. Байланыш телефону 0312 63 09 01, 0556 63 00 09.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн