Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чүй облусунун медиктери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

12.08.2020 17:34
921
Чүй облусунун медиктери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Бүгүн, 12-августта Чүй облусунун жана Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен көрүшүүгө тартылган кезектеги 48 медициналык кызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, алар Ысык-Көл облусундагы “Эне-Сай” (мурунку “Дилорам”)  пансионатына эс алып, ден соолугун калыбына келтиришет. 


"Бул ирет Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун, борбор калаадагы №1 шаардык клиникалык оорукананын, Биринчи Май жана Ленин районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Улуттук хирургия борборунун кызматкерлери 7 күндүк эс алууга кетишти", - деп айтылат маалыматта. 


Бул иш-чаралар президент С.Жээнбековдун медицина тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийинки иш-чаралардын планына ылайык, өкмөт тарабынан уюштурулууда жана ал өлкөнүн бардык регионундагы коронавирус илдети менен күрөшүүгө тартылган бардык медиктер камтымакчы. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн