Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Карантиндик-санитардык посттон жасалма документ менен өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды

30.03.2020 18:21
830
Карантиндик-санитардык посттон жасалма документ менен өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды


Киргшелк карантиндик-санитардык посттунда жасалма документи менен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнөн билдирди.


Маалыматка ылайык, атайын постто Аламүдүн районунун 49 жаштагы Х.А. аттуу тургунунун “Тойота-Чейзер” унаасын текшерген учурда машиненин алдынкы терезесиндеги жабыштырылган уруксат кагазы жасалма болуп чыккан.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 171-берене (документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн