Кулжа 04, 2023
Убакыт: 14:06
USD
87.30
88.10
EUR
93.80
94.80
RUB
1.065
1.090

Чүй облусунда жашыруун иштеген казино аныкталды

Чүй облусунда жашыруун иштеген казино аныкталды

Чүй облусунда мыйзамсыз иштеген казинонун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө-тергөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, криптобиржы жана криптомайнинга кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү документтеринин уруксаттары жок "Р.Г." ЖЧКсынын мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгү аныкталды.


Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган.


Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды.


Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн