Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 18:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чүй облусунун аймагында бир катар чакан ГЭСтерди куруу иштери жүрүүдө

13.06.2024 09:39
177
Чүй облусунун аймагында бир катар чакан ГЭСтерди куруу иштери жүрүүдө


Чүй облусунун Ысык-Ата, Москва жана Сокулук райондорунда бир катар чакан ГЭСтер курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакан ГЭСтер өлкөдө энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режимине ылайык курулуп баштаган.

Ысык-Ата районунда:

  • Ысык-Ата-1 ГЭСи – кубаттуулугу 2 МВт, башталышы 2023-жыл, аякташы 2024-жыл, июнь айында ишке кирет;
  • Ысык-Ата-2 ГЭСи – кубаттуулугу 4 МВт, башталышы 2023-жыл, аякташы 2024-жыл, июнь айында ишке кирет;
  • Аманат энерго ГЭСи – кубаттуулугу 0,5 МВт, башталышы 2023-жыл, аякташы 2024-жыл, июнь айында ишке кирет;

Сокулук районунда Төш-Булак жана Асылбаш айылдарында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:

  • Сокулук ГЭС №1 – кубаттуулугу 3,5 МВт, башталышы – 2023-жыл, 50 пайызы аяктады, 2024-жылы ишке берилет, Тош-Булак айылы;
  • Сокулук ГЭС №2 – кубаттуулугу 2,4 МВт, башталышы – 2023-жыл, Раззаков аймагында;
  • Сокулук ГЭС №3 – кубаттуулугу 6 МВт, башталышы – 2023-жыл, Шавай аймагында;
  • Туюк – кубаттуулугу 4 МВт, башталышы – 2023-жыл, 50 пайызы аяктады, 2024-жылы ишке берилет;
  • Сокулук №3 – кубаттуулугу 9,5 МВт, башталышы – 2023-жыл, 50 пайызы аяктады, 2024-жылы ишке берилет.

Москва районунда Ак-Суу капчыгайында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:

  • ГЭС-1 – кубаттуулугу 3,65 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • ГЭС-2 – кубаттуулугу 7,17 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • ГЭС-3 – кубаттуулугу 11,31 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • Бултуке ГЭС – кубаттуулугу 1,75 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • ГЭС-4 – кубаттуулугу 10,09 МВт, башталышы – 2024-жыл.

Белгиленгендей, бул жалпы кубаттуулуугу – 65,87 МВт болгон чакан ГЭСтердин ишке кириши менен, энерго тармактагы таңсыктыкты бир аз да болсо азаят.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн