Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:39
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Чүй ооруканасында жаш кыз дарыгерди сабап, муунткан учур катталды

Чүй ооруканасында жаш кыз дарыгерди сабап, муунткан учур катталды


Чүй ооруканасында жаш кыз дарыгерди сабап, муунткан учур катталды.


Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя Чүй облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө 19-августта саат таңкы 04.00дөр чамасында болгонун билдирди.


Жабырланган 27 жаштагы дарыгер З.А. Чүй облустук милициясына И.Ж. аттуу кызга чара көрүү боюнча кайрылган соң Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголгон.


Аталган башкармалыктан окуянын чоо-жайын да айтып беришти.


19-августта саат 01:00 чамасында Чүй облустук ооруканасына 21 жаштагы кыз ичимдикке ууланып түшкөн. Ал үч сааттан кийин эсине келип, кетүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер аны туугандары келмейинче чыгара албастыгын айткан. Кыз буга ачууланып, реаниматологго кол көтөрүп, андан соң ооруканадан чыгып кеткен.


Милиция шектүүнү таап, бөлүмгө алып келген. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, бул кыздын кылыктарына тиешелүү чара көрүлөрүн айтышты. Иликтөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн