Баш оона 25, 2025
Убакыт: 00:41
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Чүй районунда өткөн рейддин жүрүшүндө 7 протокол толтурулду

01.08.2022 17:27
828
Чүй районунда өткөн рейддин жүрүшүндө 7 протокол толтурулду


Чүй районунда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-июлдан 26-июлга чейин “Арсенал” аталышындагы ыкчам издөө жана алдын алуу рейди уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктап алуу максатында өткөрүлгөн.


Андан сырткары, мергенчилик ок атуучу куралдары, травматикалык куралдары, ошондой эле сыйлама курак-жарактары бар жарандардын курал-жарак сактаган жайлары жеринде текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү. Ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган жарандарга жалпысынан 7 протокол түзүлдү.


Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир жаран 1 ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн