Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүй жана Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен үч адамдын сөөгү табылды

28.07.2022 09:21
472
Чүй жана Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен үч адамдын сөөгү табылды


Чүй жана Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен үч адамдын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй районунда Чоң Чүй каналына 21-июлда 16 жаштагы А.Ч. аттуу бала түшүп кеткен. 27-июль күнү саат 06:10дор чамасында өспүрүмдүн сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан каналдын жээгинен табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы каналга 18 жаштагы А.к.С. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Жерине ӨКМдин тогуз куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар тарабынан саат 18:30да каналдан кыздын сөөгү табылып, чыгарылган.

Ысык-Көлдүн Орто-Өрүктү айылында 25-июль күнү жаш баланын (аты-жөнү такталууда) сөөгү көлдө жаткандыгы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн. Жерине төрт куткаруучу жана туугандарынан алты адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 28-июлда издөө иштери улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн