Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Чүйдө 3 жарым килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

06.10.2021 10:33
820
Чүйдө 3 жарым килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун тургунунан үч жарым килограммдан ашык апийим алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттардын алып келүү жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-аракеттерди жүргүзгөн.


"18-сентябрда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатуу менен аракеттенген 1982-жылы туулган, М.А. аттуу жаран кармалган. Ага тинтүү жүргүзүү убагында 3 жарым килограммдан ашык баңгизаты алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал апийим экени тастыкталган.


Кармалган жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген. Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн