Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүйдө 6 жерге күндүзгү стационарлар ачылды

05.07.2020 09:57
1031
Чүйдө 6 жерге күндүзгү стационарлар ачылды


Чүй облусунун алты районуна күндүзгү стационарлар даярдалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, стационарлар курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн ачылды.

 

Алар төмөнкү райондордо:


1. Сокулук районунун аймагында күндүзгү стационарга колдонууга 65 орун;

2. Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Макаренко атындагы интернатында күндүзгү стационарга колдонууга 80 орун;

3. Москва районунда 150 орун;

4. Ысык-Ата районундагы "Родничок" балдар бакчасында күндүзгү стационарга колдонууга 30 орун;

5. Кемин районунун №19 Кесиптик лицейдин базасында 50 орун;

6. Чүй районунда Марков атындагы №1 орто мектебинин спорт залын күндүзгү стационарга колдонууга 40 орун даярдалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн