Теке 27, 2024
Убакыт: 09:16
USD
EUR
RUB

Чүйдө №8 абактагы 45 жаранга паспорт берилди

28.11.2023 15:59
261
Чүйдө №8 абактагы 45 жаранга паспорт берилди


Чүйдө №8 абактагы45 жаранга паспорт берилди. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, паспорттоштуруу соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында №8 түзөтүү мекемесинин администрациясы жана Москва районунун калкты тейлөө борбору тарабынан ишке ашырылды.

Ведомстводон белгилешкендей, жакын арада №8 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан дагы 50гө жакын соттолгон жаранга паспорт берүү жана тариздөө иштери күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамды паспорт менен камсыз кылууга жетишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн