Чүй облусунун Токмок шаарындагы Сахзавод айылына баруучу жолдо жол кырсыгы катталып, 52 жаштагы айдоочу көз жумду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.
Чүй облустук ЖКККБ окуяны тастыктаган. Маалым болгондой, 6-август күнү саат 11:00 чамасында 1969-жылы туулган айдоочу «Мицубиси Спэйс Раннер» унаасын Токмок—Онбир-Жылга жолунда түштүктөн түндүктү көздөй башкарып бара жатып, жолдун 1-чакырымында түндүктөн түштүктү көздөй келе жаткан «Хонда СР-В» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Мицубиси Спэйс Раннер» унаасынын айдоочусу алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Андан сырткары «Хонда СР-Внын» айдоочусу жана бир жүргүнчүсү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн