Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүйдө мас адам мечитке курал көтөрүп кирген

18.06.2021 17:22
640
Чүйдө мас адам мечитке курал көтөрүп кирген


Чүй облусунда мас адам мечитке курал менен кирип келип, намаз окуп жаткандарды атып салуу менен коркуткан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, М.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 15-июнда саат 21.00 чамасында Чүй районунун айылдарынын биринде жайгашкан мечитке белгисиз жаран кирип, ок атуучу куралды колдонуу менен коркуткан.


М.М. аттуу жарандын чекесине тапанча такап, аны өлтүрөм деп коркутуп, андан кийин дубалга эки жолу ок чыгарып, качып кеткен.


Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 63 жаштагы А.А. Чүй облусунун тургуну кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн