Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чүйдө мектеп директорлугуна талапкерлердин 69у тестти ийгиликтүү тапшырды

18.08.2022 12:51
805
Чүйдө мектеп директорлугуна талапкерлердин 69у тестти ийгиликтүү тапшырды



17-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чүй облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Чүй облусу боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберген. 


Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 69 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 38%ын түзөт.


Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан өткөрүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн