Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 14:49
USD
86.60
87.10
EUR
95.10
96.10
RUB
0.985
1.045

Чүйдө милиция балдарга балмуздак таратты (фото)

01.06.2020 17:07
1368
Чүйдө милиция балдарга балмуздак таратты (фото)

 

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата өспүрүмдөргө балмуздак жана таттууларды таратышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Беловодсктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө жана Аксуу айылындагы балдар үйүнө белектерди тапшырышкан.


Ошондой эле Жайыл районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да бөбөктөргө балмуздак таркатышып, балдарды жакшы окуп, ата-энелердин айтканын аткарып, келечекте мыкты уул-кыздардан болууга тилектештиктерин билдиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн