Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүйдө мыйзамсыз жашырылган курал-жарактар табылды

13.11.2021 12:34
542
Чүйдө мыйзамсыз жашырылган курал-жарактар табылды

Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунун Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү 2 даана магазини бар тапанча, бир нече 9×19, 9×18, 5,45×39 и 7,62×39 мм жана 7,62×39 мм калибирлүү гильзалар, ошондой эле тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды.  


Алындын ала алынган маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.


Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошондой эле, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн